Жарык басымы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жарык басымы – жарыктын чагылдыруучу же жутуучу нерсенин бетине жасаган басымы. Жарык бөлүкчөлөргө да (атомго, молекулага) басым жасайт. Күндүн жанынан учуп өткөндө, кометанын (куйруктуу жылдыздын) куйругунун пайда болушуна Жарык басымынын себеп болорун алгач И. Кеплер болжолдогон (1619). 1873-жылы англиялык физик Ж. Максвелл (1831–79) электр-магниттик теорияга таянып, жарык басымынын чоңдугун аныктаган. Ал эми орус физиги П. Н. Лебедев (1866–1912) биринчи болуп жарыктын катуу заттарга (1899), кийинчерээк газдарга (190710) жасаган басымын өлчөгөн. Жарык басымынын өтө кичине чоңдук, анын үстүнө өлчөө кезинде пайда болгон кубулуштар (конвекциялык агым, радиометриялык күчтөр) тоскоол болот. Жарык басымын жарыктын электр-магниттик жана жарыктын кванттык теориясы боюнча да түшүндүрүүгө болот. Жарыктын электр-магниттик теориясы боюнча, жарык түшкөн бетке тик багытта жасалган Жана башка жарыктын таралуу багыты менен дал келет, чоңдугу жарык энергиясынын тыгыздыгына (u) барабар. Бул энергия тыгыздыгы нерсеге түшкөн жана нерсе чагылдырган толкун энергияларынын суммасынан турат: u=Q (1+R) /с, мында Q нерсенин 1 см2 бетине түшкөн электр-магниттик толкундун кубаты, R электр-магниттик толкундун нерсенин бетинен чагылуу коэффициенти, с – жарык ылдамдыгы. Мисалы, абсолюттук кара нерселер (R=0) үчүн Күн жарыгынын басымы р=4,3∙10–6 Н/м2. Күн шооласынын жерге түшкөн жалпы басымы 6–103дин (6∙108Н). Корпускулалык (кванттык) көз караш менен караганда чагылткан же жуткан бет фотондордон импульс алгандыктан, жарык ал бетке басым жасайт. Жана башка астр. жана атомдук кубулуштарда маанилүү касиетке ээ.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]