Батиста-и-Сальдивар Рубен Фульхенсио

Википедия дан

Батиста-и-Сальдивар Рубен Фульхенсио - (16. 1. 1901, Банес 6. 8.1973, Испания, Марбелья) мамлекеттик ишмер; Кубанын президенти (194044, 1952-58). Куба революциясына (1931-34) катышкан, 1934-ж. президент Херардо Мачадого каршы төңкөрүштү жетектеген. 1930-жылдардын аягында Кубада күчтүү өкмөт түзүүгө жетишкен, демократияны калыбына келтирип, 1940-ж. президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Акырындап ал өз максаттары үчүн террордук ыкмаларга таяна баштаган. 1944-ж. шайлоодо жеңилип калат. 1952-ж. кайрадан согуштук төңкөрүш уюштуруп, бийликке келген соң, 1940-ж. кабыл алууга өзү катышкан конституцияны жойгон. Ал АКШ менен ар тараптуу мамилелерди түзүүгө жана өлкөдөгү башталган партизандык согушту токтотууга аракеттенген. Анын диктатордук бийлигине каршы башталган революциянын жүрүшүндө 1958-ж. декабрда бийликтен алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4