Батолит

Википедия дан
Батолит (Намибия).

Батолит - (гр. bаthos тереңдик, lithos таш) жердин терең катмарларында пайда болгон ири көлөмдүү (200 км2 аймакты ээлеген) интрузия (көбүнчө гранитоид) тоо тектеринин жайгашуу формасы. Зюсстун (Suess, 1888) биринчи көз карашы боюнча батолит төмөн карай чексиз тереңдикке созулган, зор өлчөмдөгү магмалык массив деп эсептелген. Кийинки кезде геофизика изилдөөлөрдүн натыйжасында батолиттердин астында метаморфизм тоо тектеринин жайгашкандыгы, алардын ар түрлүү көлөмдөрдө жана калыпта (формада) болуп, өлчөмдөрү чексиз эместиги белгилүү болду. Батолит орун алган жерде калай, вольфрам, алтын ж. б. металлдардын кендери (Кыргызстанда Сары жаз, Суусамыр ж. б. ) кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4