Батый жапырыгы

Википедия дан

Батый жапырыгы – башында Батый хан турган моңголдордун Чыгыш жана Борбордук Европага жасаган баскынчылык жортуулу. 1236–1241-жылдары Волга боюндагы Болгарияны басып алган. 1237–1238-жылдары орустардын түштүк-чыгыш аймагына, 1238–1240-жылдары кыпчак жана алан уруулук бирикмелерине жортуул жасап, 1240-жылы түштүк орус аймагын басып алган. 1241–1242-жылдары моңголдор Борбордук жана Түштүк-чыгыш Европага Адриатика деңизине чейин жортуул жасаган. Борбордук Европаны бекем кармап тура албай кайра артка кайткан. Чыгыш Европа жерлери бүлгүнгө учурап, орус жерлеринде моңголдордун эзүүсү башталат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]