Батыш Буг
Көрүнүш
Батыш Буг — Польша, Украина, Беларуссия аркылуу аккан дарыя, Висланын оң куймасы. Узундугу 831 км, алабынын аянты 73,5 миң км2. Негизинен Мозовец-Подляс ойдуңу менен агат. Негизги куймалары: Мухавец, Нарев (польшалык жана немистик айрым эмгектерде Буг Наревдин куймасы делинет). Чатынан 315 кмге чейин кеме жүрөт. Припять жана Неман дарыясы менен каналдар аркылуу туташат. Боюнда Брест шаары орун алган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4