Башкырт, Башкыртстан кыргыздары

Википедия дан

Башкурт, Башкыртстан кыргыздары. Бүгүнкү башкурттардын курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш жана чыгыш аймактарында 9–10-кылымдарда жашап келишүүдө. Башкортостандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-кылымдарда кыпчак толкуну менен (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкурт уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-кылымдарда Енисейден журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изилдөөчүлөр белгилешкен.

Уруунун бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыкай (башк. Ҡаҙыҡай) (уруктары: аккуш, арзамат, бикбалта, бурхан, казанлар, келькабыз, куккуш, кучум, кыргыз, мансур, сирмеш, савле, туат, шурэле-типтяр)
  • Тэнкэй. (башк. Тәңкәй)

Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкурттардын курамында Табын, Кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Табын этнониминин удаалаштары (параллелдери) хакастардын жана фуйу кыргыздарынын (хакастарда табхын, фуйу кыргыздарындатабындар) курамдарынан кездешет. Кыргыз уругу кирген кудейлер-дин бүгүнкү кыргыздарда кудайлат (басыз уруусу) аттуу удаалашы бар. Худалат Хакасияда топонимикалык аталыш катары да маалым.

Санжыра боюнча башкурттардагы кадыкей, танкей кыргыз уруктары өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чыңгыз ханды, түпкү бабаларынан Төнөк бийди аташат. Алардын этногенезисинде Мөңгүсуг (Минусин) чөлкөмү өзгөчө орунду ээлери шексиз. Моңгол баскынчылыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Уфа провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика жана Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан.

П. И. Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыздар өз алдынча 4 уруудан турган эл катары чагылдырылат. 19-кылымда Башкортостандагы кыргыздар өздөрүнүн бирдиктүү жашоосун уланта беришкен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]