Фуйү кыргыздары

Википедия дан

Фуйү кыргыздарыМанжуриядагы кыргыздар – Кытай Эл Республикасынын Фуйү уездинде жашаган калк. Алардын жалпы саны 1000ден ашуун. Улуу муундары өздөрүн «кыргыз», жаштары кытай тилинин өзгөчөлүгү менен «тиртиз» (кытай, «цзилицзи») деп аташат. Фуйү кыргыздарынын аксакалдарынын маалыматтарына караганда, алар бул аймак-ка орус Алтайынан, мындан 300 жыл илгери көчүп келишкен. Айрым изилдөөчү-лөрдүн пикири боюнча, кыргыздар бул аймакка (Хэйлунцзянь) император Цянь Лундун (1736–96) тушунда көчүрүлгөн, ошондой эле 18-кылымдын (1703-жылы) баш чениндеги енисейлик кыргыздардын Жуңгар хандыгы тарабынан зордоп көчүрүлүүсүнө байланыштырышат.

Кыргыздардан чочулаган моңголдор да бир нече ирет көчүрүү саясатын ишке ашырышкан. Фуйү кыргыздары кошуна жашаган манжур, моңгол, даур, эвенктерден жүздөрүнүн ак жуумалдыгы, европалык өңү-түсү менен, ошондой эле карамал кармашып, сүт жана сүт азыктарын кенен пайдалангандыктары менен айырмаланышат. Мал чарбасынан тышкары, дыйканчылык менен да кесиптенишет. Фуйү кыргыздарынын тили хакас, шор, этностук башатынын кыргыздар менен жалпылыгы аныкталып жаткан сарыг югур (сары уйгур), лобнорлуктар менен жакын турат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]