Кыргызстан театрлары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз опера жана балет театры.

Кыргыз театры ...

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуу Ата мекендик согушка чейинки жылдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Октябрь революциясына чейин кыргыздарда профессионалдык театр болгон эмес, бирок таланттуу манасчылар, комузчулар, акындар жана куудулдардын болушу театрдын түзүлүшүнө түрткү болгон.


1914-жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген.[1].

1918-жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театр труппасынын биринчи көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылынын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[2]. 1919-жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуаринда спектакль коюдан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду.

Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын түзүү үчүн негиз болуп калды.[3] Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914-жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет[4][5][6].

Октябрь революциясынан кийин 1926-жылы кыргыз музыкалык драмалык студия болуп ачылып анда М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей», К. Жантөшевдин «Алым менен Мария», «Карачач» спектаклдери коюлган. 1930-жылы ал мамлекеттик театр болуп түзүлгөн да, 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театры жана филармония болуп бөлүнгөн.

1935-жылы орус драм театры ачылып анын сахнасында биринчи А.Яновскийдин «Борбор» спектакли коюлган. Театрдын негиздөөчүлөрү А. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр институтунун бүтүрүчүлөрү болгон. 1939-жылы театрга Н.К.Крупскаянын аты берилген. Ушул эле жылы театрдын сахнасында К.Эшмамбетовдун «Сарынжи» пьесасы коюлган.
1937-жылы кыргыз драм театрынын алдында Кыргыз опера жана балет театры ачылган. Кийин ага композитор А. Малдыбаевдин аты берилген. 1937-жылы сахнада биринчи жолу музыкалык-драмалык «Алтын-Кыз» спектакли коюлган.
1938-жылы «Ажал ордуна», 1939-жылы биринчи улуттук «Айчүрөк» операсы коюлган. Аталган үч спектакль республиканын опера искусствосунун алтын фондуна киргизилип, классикага айланган. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун жана адабиятынын декадасында кыргыз театры Ленин ордени менен сыйланган.
1940-жылы биринчи жолу «Анар» улуттук балети коюлган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабият жана искусствосунун декадасында чоң ийгиликке жетишип, 1959-жылы ага академиялык театр наамы берилген.

Согуштан кийинки жылдар[оңдоо | булагын оңдоо]

60-жылдардын экинчи жарымында театрдын өнүгүшүндө жаңы этап болгон. Анда академиялык театрдын негизделиши менен көптөгөн опералар жана балеттер коюла баштаган. Мисалы: «Токтогул» (1940, А.Веприк), «Элдин бактысы үчүн» (1941, В.Власов, В.Фере), «Айдар жана Айша» (1952, А.Аманбаев, С.Германов), «Жаш жүрөк» (1953, М.Абдраев), «Ак куш» (1957, С.Ряузов), «Mүнөт» (1959. М.Книппер), «Айчүрөк» (1959, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере), жана ошондой эле төмөнкү опералар «Олжобай менен Кишимжан» (1965, М.Абдраев), «Алтын кыз» (1974, В.Власов, В.Фере) жана башка драма, комедиялар: «Бойдоктор» (1960, А.Аманбаев), «Аста секин колукту» (1971, Н.Давлесов), балеттер «Селкинчек» (1943, В.Власов, В.Фере), «Чолпон» (1944, М.Раухвергер), «Куйручук» (1960, К. Молдобасанов, Г.Окунёв) жана башкалар. Театрда коюлган опера жана балеттер: «Евгений Онегин», «Айдын көлдүн ак куусу», (П. Чайковский), «Борис Годунов» (М.Мусоргский), «Жизель» (А.Адан), «Чио-Чио-сан» (Ж.Пуччини), «Фауст» (Ш.Гуно), «Кармен» (Ж.Визе), «Аида», «Отелло» (Д.Верди), «Баядерка», «Дон Кихот» (Л.Минкус).

1976-жылы «Саманчынын жолу» спектакли үчүн композитор К.Молдобасанов, балетмейстер У.Сарбагышев, артисттер Р.Чокоева, А.Токомбаева СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. Андан сырткары театр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө гостролдордо болгон. Мисалы: Болгария, Венгрия, ГДР, Монголия, АКШ, Канада, Индия, Россия, Казакстан, Өзбекстан,Куба жана башка.

Театр чөйрөсүндөгү аялзаттын өкүлдөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Төкөлдөштүн төрт кызы
Театрда..jpg
Жалпы маалымат
Аты- жөндөрү: Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева
Жашаган доору: ХХ-ХXІ кылым
Туулган жери: Төкөлдөш айылы
Өлкө: Кыргызстан
Негизги ишмердүүлүгү: актрисалар

Төкөлдөштүн төрт кызы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аты- жөндөрү Туулган жылы Эмгектери Наамдары
Сайра Кийизбаева 7.11.1917-10.10.1988 «Алтын кыз» музыкалык драма, "Айчүрөк" операсы, «Чио-Чио-Сан» операсы СССРдин эл артисти(1958)
Бакен Кыдыкеева 20. 09. 1920 — 30.12. 1993 Салтанат (1955), Тайгак кечүү (1962),Токтогул (1964), Биринчи мугалим (1965), Революциянын атчандары(1969), Көчө (1973), Көз кареги(1977), Каныбек (1978) фильми СССРдин эл артисти (1970), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970)
Даркүл Күйүкова 29.10.1921- 1997 Тасмалары: Биринчи мугалим, Ак кеме, Аталар өрөөнү, Аптап ж.б.спектаклдери: Саманчынын жолу, Курманбек, Сарынжи, Тар капчыгай, Жаңыл СССРдин Эл артисти (1966), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986), СССРдин “Эл достугу” орденинин ээси
Сабира Күмүшалиева 1917- 15.09.2007 «Караш-караш окуясы» (1968), «Отко таазим» (1972), «Ак кеме» (1975), «Ак куулар конгон айдың көл» (1973), «Фудзиямада кадыр түн» (1990) Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРинин эл артисти(1964)

КРсындагы учурдагы театрлар[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалпы театрлардын саны[оңдоо | булагын оңдоо]

1 Нарын облустук академиялык М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театры
2 "Тунгуч" жаштар драма театры
3 Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театры
4 Ысык-Көл облустук К.Жантөшөв атындагы музыкалык драма театры
5 Кыргыз республкалык М.Жангазиев атындагы куурчак театры
6 Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры
7 Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры
8 Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театры
9 Кыргыз улуттук академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
10 Бишкек шаардык Арсен Омуралиев атындагы драма театры
11 Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры
12 Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры
13 Баткен облустук драма театры
14 Талас облустук драма театры
15 Жумгал драма театры
16 Кочкор драма театры
17 Алай драма театры
18 Ош облустук куурчак театры
19 Кыргыз улуттук академиялык Ч.Айтматов атындагы орус драма театры
20 "Учур" драма театры
21 "Адеми" улуттар театры
Аттары Саны
1 Драма театры 15
2 Музыкалык драма театры 6
3 Филармония 3
4 Куурчак театры 2
5 Цирк 1

Театр артисттери[оңдоо | булагын оңдоо]

1914-1950-жж. артисттери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Рахманберди Мадазимов
  2. Уринбай Рахманов
  3. Журахан Рахманов
  4. Абдулла тарок Файзуллаев
  5. Розияхон Муминова
  6. Тожихон Хасанова
  7. Лайлихон Моидова
  8. Турсункан Салиева

1950-1989-жж. артисттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Бердибаев Акмат, Күмушалиева Сабира, Журахон Рахмонов, Боталиев, Ашыраалы, Абдразаева, Тынаркүл, Куттубаев, Асанкул, Абдыкалыков, Акылбек,Бердибаев, Акмат, Рахмонов, Дилдорбек Уринбоевич, Жантемиров, Асанбек, Исмаилова, Урумкан, Мамбетова, Насира, Абдыкалыков, Акылбек, Үсөнбаев, Алымкул, Акмат Рысменде уулу, Райкан Шүкүрбеков, Бөлөбалаев Осмонкул, Сырымбетов Авас Күрөңкеевич, Сманалиев, Абдылдабек, Сейталиев, Токтоналы, Мамытбеков, Эсенгул, Көмөчов, Садырбай, Токтонаалы Шабданбаев, Мамбеталиев Уркаш, Молдокулова, Эсенбүбү, Турдалиев, Төлөш, ШААБАЙ АЗИЗОВ, Нурак Абдрахманов, Бектенов Касымалы, Жантемиров, Асанбек, Исмаилова, Урумкан, Мамбетова, Насира,Кускаков, Акелең, Сейдакматова, Жамал, Токтобаев, Муканбет, Уралиев, Турсуналы, Эшимбеков, Касымаалы, Далбаева, Мираида, Каниметова, Гүлайым.

Драматургдары[оңдоо | булагын оңдоо]

А • Абдугани АбдугафуровАбдымомунов ТоктоболотАйтматов, Чыңгыз ТөрөкуловичАшубаев Жекшен
Б • Байжиев Ташим ИскаковичБайтемиров НасирдинБалбекин Александр РомановичБектенов КасымалыБорбиев Эркин БейшеналиевичБорбугулов МухтарБөкөнбаев Жоомарт
Г • Гавел, ВацлавГапаров Мурза
Ж • Жакиев БексултанЖакшылыков АсанЖакыпов МаматЖантөшев, Касымалы Жапаров Кудайберген (Сатаров Кукен)
К • Калчабаева БурулКулмамбетов Жаныш
М • Маликов Кубанычбек ИманалиевичМамазаирова МеңдиМамбетакунов Кадырбай
Р • Раев Султан Акимович
С • Садыков ЖалилСактанов Көчкөн МидиновичСаманчин ТазабекСарыгулов СадырСорокин Анатолий МихайловичСырымбетов Авас Күрөңкеевич
Т • Темирова Алтынай ЭгембердиеваТойбаев, Мырзабек РаевичТокобаев, МолдогазыТурсунов Эрнис НурдиновичТурусбеков ЖусупТыныстанов Касым
Ү • Үмөталиев, Айтмамат
Э • Эрматов, Эгемберди

Кыргызстан эл артисттери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Абдулла тарок Файзуллаев (1940 жыл)
  2. Розияхон Муминова (1940 жыл)
  3. Тожихон Хасанова (1940 жыл)
  4. Лайлихон Моидова (1953 жыл)
  5. Турсунхон Солиева (1974 жыл)
  6. Нематжон Нематов (1979 жыл)
  7. Толибжон Бадинов (1988 жыл)
  8. Ойтожихон Шобдонова (1988 жыл)
  9. Шавкат Дадажонов
  10. Абдурасулжон (Расул) Ураимжонов (31 октябрь 2011) жыл[7]

2010-ж. Кыргыз Эл артисти наамына ээ болгондор[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Абдрахманов Нурак
  • САДЫБАКАСОВА Гулшайыр
  • Нуржамал Табалдиева
  • ДУМАНАЕВ Чоробек
  • Денизбек Чалапинов
  • Шатенов Алтынбек
  • Кадырбек Таджиев

Артистер турмушта[оңдоо | булагын оңдоо]

Тиркемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]