Сарлыкбеков, Алмазбек

Википедия дан
Сарлыкбеков, Алмазбек Чолпонович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Сарлыкбеков, Алмазбек Чолпонович
Туулган жылы: 1950-жыл
Туулган жери: Төлөк айылы, Москва району, Фрунзе облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 2008-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Сөөгү: Төлөк айылынын Көрүстөнүнө коюлган, Москва району, Чүй облусу, Кыргыз Республикасы
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр режиссеру
Наамдары: Кыргыз CCРинин адабиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1981-2008-жылдар
Театр: Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театры, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Cарлыкбеков, Алмазбек Чолпоновичтеатр режиссеру.

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1972-ж. Ленинград маданият институтунун элдик театрлар боюнча режиссура факультетин, 1981-ж. А.В. Луначарский атындагы театр институтунун (ГИТИС) режиссёр-драма факультетин бүтүргөн.
Адегенде элдик театрларда (Сокулук, Талас, Кара-Буура райондору), 1980—91-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында, 1991-жылдан Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында көркөм жетекчи болуп иштейт.
Cарлыкбеков көрүнүктүү профессор М. О. Кнебелдин окуучусу. Социалдык, психологиялык аспектерди чагылдырган чыгармаларга көп кайрылган.

Койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жарыктык карыларым" Т.Абдумомунов
«Алакандай жер» (А.Гилязов)
«Табалды Пудовкинди эскерип» (Ж. Садыков)
«Күйөө жолдош» (Ж. Садыков)
«Эрте жаздагы турналар» (Ч.Айтматов)
«Кыямат» (Ч.Айтматов)
«Макбет» (В.Шекспир)
«Король Лир» (В.Шекспир)
«Кылмыш жана жаза» (Ф.М.Достоевский)
"Аксаткын менен Кулмурза"(Э.Эрматов)
"Ажар" ( К.Баялинов, Б.Алаков)
«Куу дөңгөч» (С.Сарыгулов)
«Боз бойдок» (К.Мамбетакунов)
«Ажырашуу» (Э.Токтогулов)
«Өкүм» (В. Жакиев)
«Күн кармаган бала» (С.Раев)
"Аял" (С.Раев)
«О, кыздар...» (С.Раев)
«Машырбек үйлөнөт» (Т.Абдумомунов)
«Туздуу чөл» (М.Гапаров)
«Бар үмүтүм сенде — Сафия Булан» (М.Гапаров)
«Мунабия» (К.Акматов, Ж.Кулмамбетов)
«Кыз Сайкалдын арманы» (И.Жүндүбаева)

"Мен да бактылуу болгум келет"(Ч.Калыбекова)

"Ботокөз" (Ч.Калыбекова)

"Дарыянын шоокуму" (М.Гапаров)

"Акыркы ыр" (А.П.Чехов)

"Хан оюну" (Жумма Куддус)

"Адам жана Азезил" (Ж.Садыков)

"Адамдын үнү" (Ж.Кокто)

"Сократты эскерүү түн" (Ч.Айтматов, М.Шаханов)
«Аппак аял, айдай кыз» (М.Мамазаирова)
"Тозок" (Ж.Өзүбекова)

"Апамдын махабаты" (Ж.Өзүбекова)

"Карагыз" (Ж.Өзүбекова)
"Аян" (Б.Калчабаева жана башка спектаклдерди койгон.
«Талант жана тагдыр» (Ж.Кулмамбетов)
"Канат менен Зарина" (Ж.Кулмамбетов)
«Жаабарс» (А.Пазылов, Ч.Айтматов)
«Бөрү канчык» (Верга, Джовани)
"Ханшанын көз жашы" (С.Раев)
"Унутулган адам" (Назым Хикмет жана башка спектаклдерди койгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан Ленин комсомолу (1984)
М. Рыскулов атындагы сыйлык(1991)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек,1994-ж.
  • Ж.Кулмамбетов. Театр дүйнөсүндө. Фрунзе, Кыргызстан, 1987.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]