Досумбаев, Күнболот

Википедия дан
Досумбаев, Күнболот
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Досумбаев, Күнболот
Туулган жылы: 1939-жыл
Өлгөн жылы: 2001-жыл
Туулган жери: Жаңы-Алыш айылы, Кемин району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Сөөгү: Жаңы-Алыш айылынын көрүстөнүнө коюлган, Кемин району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары:

Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Досумбаев Күнболот (10. 9. 1939, Чүй облусу Кемин району, Жаңы-Алыш айылы 29. 5. 2002, Бишкек) – театр жана киноартисти

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963-жылы А.Н.Островский атындагы Ташкен мамлекеттик театр өнөрү институтунун актердук факультетин бүткөн.
1963-жылдан Кыргызстан мамлекеттик академия драма театрында иштейт.
Досумбаев ар түрдүү драмалык, трагедиялык, комедиялык, сатиралык пландагы образдарды түзгөн кеңири диапазондуу актер.

Негизги аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаамурат (Ч.Айтматов, “Менин биринчи мугалимим”)
Мырзакул (Ч.Айтматов, “Бетме-бет”)
Досберген (Ч.Айтматов, К. Мухамеджанов, “Фудзиямадагы кадыр түн”)
Жекшенкул (Ч.Айтматов, “Саманчы жолу”)
Төрөкелди-Карадөө (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)
Шаршен (Ж. Садыков, “Күйөө жолдош”)
Шаршен (К.Маликов, “Осмонкул”)
Шырдакбек (Ш.Садыбакасов, “Ак боз ат”)
Уларбек Атабаев (Т.Абдумомунов, “Жыгылган өөгөнгө күлөт”)
Мурат (Т.Абдумомунов, “Жарыктык карыларым”)
Ашырбай (Т.Абдумомунов, “Ашырбай”) Герцог (Шекспир, “Король Лир”)
Альдемаро (Лопе де Вега, “Бий мугалими”)
Корун (К. Жантөшев, “Курманбек”)
Сары таз (Ж.Сaдыков, “Манастын улуу Семетей”)
Кыяз (Ж.Садыков, “Сейтек”)
Манас (Ж.Садыков, “Айкөл Манас”)
жана башкалар.

Кинодо аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1951-жылдан киного тартылып, көптөгөн образды жараткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КРдин эл артисти (1991),

Кыргыз Республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986)

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу/ Энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Кыргыз совет энциклопедиясы. 2-том, Фрунзе, 1977-ж.
  • Манас энциклопедия, 1-том, Б,1995-ж.
  • Жаныш Кулмамбетов. "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ата-энем алтын казыгым, Күнболот жан шеригим" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine