Жаманов, Сыдыкбек

Википедия дан
Жаманов Сыдыкбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жаманов Сыдыкбек
Туулган жылы: 1913-жыл
Өлгөн жылы: 1993-жыл
Туулган жери: Беш-Терек айылы, Жумгал району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Жаманов Сыдыкбек - театр жана киноартисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Жаманов эмгек жолун 1936-жылы Фрунзеде балдар театрында иштөө менен баштаган.
1941-жылдан тартып өмүрүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.
"Өнөр өргө жетелейт" деген мемуардык китептин жана бир нече пьесанын автору.
Жаманов атайын билим албаса да ал кыргыздын профессионалдык театр искусствосунун алгачкы баштоочуларынын катарында туруп, өзүнүн табигый таланты жана талыкпаган эмгеги аркылуу кыргыз театрынын тарыхына из калтырган.
Жаманов кыргыз киноискусствосунун өнүгүүсүнө да салым кошкон.

Негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каныбек, Курманбек (К. Жантөшев, "Каныбек", "Курманбек")
Түлкү (К. Маликов, А. Куттубаев, "Жаңыл")
Болот (А. Көбөгөнөв, "Болот менен Тынар")
Ашырбай (Т. Абдумомунов, "Ашырбай")
Балбай (А. Токомбаев, "өлбөстүн үрөнү")
Субанкул (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу")
Доктор (Назым Хикмет, "Унутулган адам")
Добротин (А. Салынский, "Мария")
Яровой (К. Тренев, "Любовь Яровая")
Байков (Ж. Садыков, "Жукеев-Пудовкин")
Кочкарев (Н. В. Гоголь, "Үйлөнүү")
Скалазуб (А. Грибоедов, "Акылдан азап")
Жолдош (Н. Байтемиров, "Уркуя")
Кулубай (Ч. Айтматов, "Танабай Бакасов")
Забелин (Н. Погодин, "Кремль куранттары")
Бакай (Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей")
Бакай (Ж. Садыков, "Сейтек") жана башка.

Тартылган кинофильмдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Илья Муромец"
"Салтанат"
"Менин жаңылыштыгым"
"Алыскы тоолордо"
"Токтогул"
"Эрте жаздагы турналар"
"Он үчүнчү башкарма" жана башка кинофильмдерге тартылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.