Кытаев Насыр
Кытаев, Насыр | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Кытаев, Насыр |
Туулган жылы: | 06.1917-жыл |
Туулган жери: | Кой-Таш айылы, азыркы Аламүдүн району, азыркы Чүй өрөөнү, Кыргызстан |
Өлгөн жылы: | 1999-жыл |
Өлгөн жери: | Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы |
Сөөгү: | Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр жана кино актеру, опера ырчысы |
Наамдары: | Кыргыз ССРинин эл артисти |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1941-1999-жылдар |
Театр: | Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры |
Кытаев, Насыр – театр жана кино актеру, опера ырчысы.
Өмүр баяны жана чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Насыр Кытаев 1932-жылдан тартып 1936-жылга чейин Фрунзе шаарында музыкалык мектепте окуган.
1936-1941-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунда билим алган.
1941-жылы курсташтары У.Исмаилова, А.Абдубачаев, А.Саргалдаев ж.б. менен бирдикте Кыргыз мамлекеттик драма театрына кабыл алынат . Ошондон тартып өмүрү өткөнчө ушул театрда иштеп, 100 дөн ашык роль ойногон.
Студенттик кезде эле Насыр Кытаевдин шыңга бойлуу келебети, коңур жоон үнү, артисттик жөндөмүнүн тереңдиги менен айырмаланган. Ошондуктан ага, кийин театрга тиштегени келгенде да европалык драматургиядан роль көп ыйгарылган.
Н.Кытаев окуган 1-кыргыз студиясы бүтүп келгенде, ал жаштыгына карабастан У.Шекспирдин “Король Лир” трагедиясында Лирдин ролун ийгиликтүү ойноп келген.
Кыргыз драма театрынын сахнасында жалпы улуттук масштабдагы бийиктикке көтөрүлгөн Олег Кошевой, Курманбек, Үмөтаалы сыяктуу ж.б. образдарды жараткан.
Айрыкча Н.Кытаев жараткан Үмөтаалынын образы кыргыз сахна искусствосундагы жогорку үлгү болоорлук образдардын катарына кирет.
Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Манастын кырк чоросунун бири Тазбайматтын ролун ойногон. Драмада К. Тазбаймат бийликтин куралына айланган «камчы чабаардын», төрөлөрү каякка шилтесе ошол жакка кете бере турган акыл-сезими тайкы корсоңдогон мал жандуу адам.
Н.Кытаев драмалык артист гана болбостон операда да ырчы катары үнүн сынап, Учей-Фу, Кошой, Кузнецов сыяктуу партияларды ийгиликтүү аткарган.
Насыр Кытаевдин кыргыз театр өнөрүнүн өсүп-өнүүгүснө кошкон зор салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардак наам ыйгарылып, бир нече орден, медалдлар менен сыйланган.
Аткарган негизги ролдору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Лир ([Шекспир[|У.Шекспир]], “Король Лир”)
- Кассио (У.Шекспир, “Отелло”)
- Осип (Н.В.Гоголь, “Текшерүүчү”)
- Паратов (А.Н.Островский, “Спесиз кыз”)
- Любим Торцов (А.Н.Островский, “Сепсиз кыз”)
- Олег Кошевой (А. Фадеев, “Жаш гвардия”)
- Фердинанд (Ф. Шиллер, “Жүзү каралык жана сүйүү”)
- Калматай (А.Куттубаев, К.Маликов, “Жаңыл”)
- Лу-Да-Хай (Цао-Юй, “Тайфун”)
- Сабыр (Т. Абдымомунов, “Тар капчыгай”)
- Садыркул (Т. Абдымомунов, “Атабектин кызы”)
- Катаган (Т. Абдымомунов, “Сүйүү жана үмүт”)
- Жукеев-Пудовкин (Ж. Садыков, “Жукеев-Пудовкин”)
- Вронский (Л.Н.Толстой, “Анна Каренина”)
- Болот (А.Көбөгөнов, “Болот менен Тынар”)
- Курманбек (К.Жантөшев, “Курманбек”)
- Камалбек апенди (К. Жантөшев, “Каныбек”)
- Үмөталы (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)
- Бабажан корбашы (К.Маликов, “Бийик жерде”)
- Нияз (Т. Абдымомунов, “Абийир кечирбей”)
- Думана (Ш. Садыбакасов, “Ак боз ат”)
- (Н.В.Гоголь, “Үйлөнүү”)
- Тазбаймат (Ж. Садыков, “Манастын уулу Семетей”) ж.б.
Тартылган кинолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Саманчынын жолу
- Көчө
- Каныбек ж.б.
Операда аткарган партиялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Учей-Фу (Ж.Турусбеков, “Ажал ордуна”)
- Кошой («Манас» операсы)
- Кузнецов (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»)
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1978. 3-том.
- Чүй облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
- “Манас” энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4.
Интернет шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]