Көбөгөнов Абдыашым

Википедия дан
Көбөгөнов, Абдыашым
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Көбөгөнов, Абдыашым
Туулган жылы: 1913-жыл
Туулган жери: Кара-Ой айылы, Чолпон-Ата болушу, азыркы Ысык-Көл району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1992-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: актер, драматург, театр режиссеру, кыргыз театрларынын уюштуруучусу
Наамдары: Кыргыз ССРинин эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1937-1992-жылдар
Театр: Жумгал колхоз-совхоз театры, Тянь-Шань облустук музыкалуу драма театры, Жалал-Абад]] облусттук драма театры, Ысык-Көл обулустук драма театры, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Көбөгөнов, Абдыашымактер, драматург, театр режиссеру, кыргыз театрларынын уюуштуруучусу.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдыашым Көбөгөнов көп кырдуу талант.
1930-жылдары Фрунзе шаарында рабфакттан (рабочий факультет – жумушчу факультети) окуган. Анын бир курсун бүтүргөн соң Жумгалдын Чаек айылына мугалим болуп иштегени барат. Бирок, ал рабфакта билим алып жүрүп, 30-жылдардагы кыргыздын алгачкы оюндарын көрүп театр менен “ооруп калган” болчу. Ошондуктан адегенде мектепте драмалык ийрим уюштуруп, анда А.С.Пушкиндин “”Таш коногун” коюп, 1-орунду жеңип алган. Бул Жумгал өрөөнүндөгү биринчи спектакль болчу.
Ушундан соң ага Жумгал районунун жетекчилери колхоз-совхоз театрын уюштуруу сунушу менен кайрылышат. Ошентип А.Көбөгөнов 1937-жылы Жумгал колхоз-совхоз театрын уюштурат.
1939-жылы Нарын колхоз-совхоз театрын уюштурууга катышкан.
Өзү уюштурган театрларда А.Көбөгөнов актер, режиссер, көркөм жетекчи болуп кызмат өтөгөн.
1952-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына өткөнгө чейин, А.Көбөгөнов Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл театрларында көркөм жетекчи, режиссер жана актер болуп эмгектенген.
Кийин Кыргыз драма театрына актер болуп өткөндөн кийин да, режиссерлук кесибинен кол үзгөн эмес, тескерсинче бул сахнада да “Жыгылган оогонго күлөт”, “Күйөө жолдош” сыяктуу элдин эсинен кеткис спектаклдерди койгон.
1974-1976-жылдары А.Көбөгөнов, актерлук кесиби менен бирге эле Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын директору болуп да кызмат өтөгөн.
Театрларды ачуу демилгеси менен алектенип жүргөн 30-жылдардан тартып эле А.Көбөгөнов пьеса жазууну да активдүү колуна алган. Анын калеминен ондон ашуун пьесалар жарлаган.
А.Көбөгөнов кыргыздын жаш таланттарын ачуу жагынан да улуттук театр өнөрүнө өтө олуттуу эмгек сиңирген инсан. Кыргыз Театрлар Коомунун алдындагы ал жетектеген драмалык студиядан Дүйшөнбек Байдөбөтов, Шарапат Турдакунова сыяктуу ж.б. кыргыздын бир кыйла болочок артисттери, режиссерлору, драматургдары билим алышкан.
Абдыашым Көбөгөнов кеңири диапозондогу актер. Ал драмалык дагы, курч комедиялык дагы ролдорду өтө чеберчилик менен ойной билген. А.Көбөгөновдун чыгармачыл активинде ондогон көрүнүктүү ролдор бар. Айрыкча кыргыздын улуттук эпосторундагы жараткан образдары, улуттук сахна искусствосунун эстетикасын калыптандырууга, аныктоого, байытууга чоң түрткү берген.

Аткарган негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саринжи (К.Эшмамбетов, “Саринжи”)
  • Курманбек (К.Жантөшев, “Курманбек”)
  • Ак хан (К.Жантөшев, “Курманбек”)
  • Дөдөн (К. Жантөшев, “Курманбек”)
  • Карабек корбашы (К. Жантөшев, “Каныбек”)
  • Ак хан (К. Жантөшев, “Курманбек”)
  • Түлкү (А.Куттубаев, (К.Маликов, “Жаңыл”)
  • Калматай (А.Куттубаев, (К.Маликов, “Жаңыл”)
  • Фрунзе (К.Маликов, “Бийик жерде”)
  • Чжо-Пун (Цао-Юй, “Тайфун”)
  • Дадый (Т. Абдымомунов, “Ашырбай”)
  • Кулгелди (Ж. Садыков, “Жукеев-Пудовкин”)
  • Каренин (Л.Н.Толстой, “Анна Каренина”)
  • Дикой (А.Н.Островский, “Добул”)
  • Абышка (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)
  • Качы (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)
  • Осмонкул (К. Маликов, “Осмонкул”)
  • Осмон (М.Байжиев, “Балдар бойго жеткенде”)
  • Беккожо (А. Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)
  • Осмонкул (К. Маликов, “Осмонкул”)
  • Доктор Хунг (Т.Абдумомунов, “Таалай гүлдестеси”)
  • Жевакин (Н.В.Гоголь, “Үйлөнүү”)
  • Долорестин атасы (Карел Чапек, “Эне”)
  • Сот (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”) ж.б.

Режиссер катары койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Саринжи» (К.Эшмамбетов)
  • «Кайгылуу Какей» (М.Токобаев)
  • «Айдар менен Айша» (Р.Шүкүрбеков)
  • «Дардаш» (К.Жантөшев)
  • «Жапалак Жатпасов» (Р.Шүкүрбеков)
  • «Күлүйпа» (К.Маликов)
  • «Курманбек» (К.Жантөшев)
  • «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев)
  • «Ким кантти» (К.Жантөшев)
  • «Жаңыл Мырза» (А.Куттубаев, К.Маликов)
  • «Ажал менен кыз» (М.Горький)
  • «Менин айылым» (Р.Шүкүрбеков)
  • «Сараң рыцарь» (А.С.Пушкин)
  • «Борбаш» (Т.Абдумомунов)
  • «Назар Стодоля» (Тарас Шевченко)
  • «Текшерүүчү» ([[Н.В.Гоголь)
  • «Кызыл Туу» (Шадыкан Иманалиев)
  • «Акындын үмүтү» (Р.Шүкүрбеков)
  • «Бийик жерде» (К.Маликов)
  • «Осмонкул» (К.Маликов)
  • «Жыгылган оогонго күлөт» (Т.Абдумомунов)
  • «Күйөө жолдош» (Ж.Садыков) ж.б.

Драмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Туткун Каныш
  • Алмагүл
  • Болот менен Тынар
  • Ким элек
  • Карагай булак ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1978. 3-том.
  • Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1995-ж.
  • Эсенбай Калдаров. “Абдыашым Көбөгөнов”. Чыгармачылык портрет. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1987.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]