Рыскулов, Мамат

Википедия дан
Рыскулов, Мамат
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мамат Рыскулов
Туулган жылы: 1926-жыл
Өлгөн жылы: 1981
Туулган жери: Кыргызстан, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы
Өлгөн жери: Кыргызстан, Фрунзе
Сөөгү: Кыргызстан, Фрунзе, Чоң-Арык
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: кыргыз театр режиссеру, телевидение режиссеру
Наамдары:

МАМАТ РЫСКУЛОВкыргыз театр режиссеру, телевидение режисеру

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалгыз иниси менен жетим балдар үйүндө чоңойгон.
Мектепти аяктагандан кийин 1944-1948-жылдары Ташкент университетинин юридикалык факультетинде окуган.
Аны аяктагандан соң 1948 - 1952-жылдары Ташкенттеги театр жана сүрөт өнөрү институтунун режиссердук бөлүмүнө өткөн.
Окуусун аяктап жатып, Мамат Рыскулов дипломдук иши катары “Тар капчыгай” комедиясын Т.Абдумомунов), Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз мамлекеттик драма театрында (КМДТ) ийгиликтүү сахналаштырып, андан соң ушул эле коллективге режиссер-коюучу болуп кызматка алынган. 1952-1958-жылдардын ичинде ал аталган театрда кызмат өтөп, 10 чакты спектаклди коюуга үлгүргөн.
1958-жылдан тартып жаңыдан ачылган кыргыз телевидениесине башкы режиссер болуп которулуп кеткен.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колго тийген маалыматтарга караганда Мамат Рыскулов совет доорунда, кыргыз театр режиссерлорунун ичинен, ысымын, чыгармачылыгын айтууга табу салынган сүрөткер. Ошондуктан ал тууралуу маалыматтар өтө сейрек.
Мамат Рыскулов Ташкенттеги театр өнөрү институтунда окуп жүргөн мезгилде эле, өзүн жөндөмдүү адис катары көргөзө алган. Ошондуктан, Кыргыз өкмөтүнө караштуу искусство башкармалыгы жаш кадрды окуусун бүтөөр замат дароо эле борбордук театрга иштөөгө калтырат.
Алгачкы эле спектаклинен Мамат Рыскулов психологиялык театрдын жактоочусу жана чебери катары көрүнгөн. Ошол эле учурда ал эпикалык спектаклдерди коюнун устасы катары да өнөрүнүн дагы бир кырын ачууга жетишкен.
Жаш режиссер алты жылдын ичинде КМДТта кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында кала турган бир нече спектаклдерди коет. Мисалы, К.Жантөшевдин пьесалары боюеча “Каныбек”, “Азоого чалма”, “Курманбек” оюндарын ишке ашырган. “Азоого чалма” комедиясы ошол мезгилдин көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан эң ийгиликтүү оюндардын бир болгон. Ал эми жаш режиссер койгон “Курманбек” спектакли кыргыздын улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу окуя болуп саналат. Өзгөчө, бул спектаклде залкар артисттер Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаевдердин даңкы ого бетер арткан. Айрыкча Муратбек Рыскулов менен Бакен Кыдыкеева жараткан образдар (Тейитбек менен Айганыш) өтө ийгиликтүү чыгып, кыргыз театрынын тарыхына кирип, ооздон оозго өтүп, ушул мезгилге чейин айтылып келе жатат.
1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун 2-декадасында Мамат Рыскуловдун эки спекталки катышып, экөө тең СССРдин эң көрүнүктүү режиссерлорунун, адистеринин жогорку баасын алган. Анын ичинен “Курманбекке” мындай баа берилген:

« ... "ал (“Курманбек” спектакли) ажарлуу түстө, майрамдык маанайда, анда өтө бийик идеялар, ири мүнөздөр бар, ага монолиттүү деп баа берүүгө болот” (Евгений Симонов, Вахтанов атындагы театрдын башкы режиссеру, Москва, “Новости дня”, №42, 1958). »

20-кылымдын 50-жылдарынын орто чениндеги дагы бир олуттуу маданий окуя катары кабыл алынган спектакль Мамат Рыскулов койгон “Атабектин кызы” драмасы (автору Т.Абдумомунов). Бул драма менен кыргыз театрында жаңы этап башталат – кандай гана жүзүкаралыкка кабылса дагы адамд адамдарга болгон ишенимин, ыймандуулугун жоготпош керек – анын башкы касиети ушул деген негизги ой спектаклде башынын-аягына чейин кызыл сызык менен өткөн. Спектакль психологиялык жактан өтө кылдат иштелген.
Мамат Рыскулов жетиштүү түрдө кыраакы сүрөткер болгонун замандаш артисттери минтип баалашкан:

« ...“Были в те годы и другие наставники молодого актера. Назову среди них режиссера театра Мамата Рыскулова, человека весьма требовательного, бескомпромиссоного в работе. Рыскулова, встретившегося с Джумадыловым во время работы над спектаклем “Поэма о друге”, располагали к сккбк такие го качества, как трудолюбие и бззаветная увлеченность сценой. Требовательные наставления Рыскулова, подбадривающие советы оказывались особенно необходимыми Джумадылову в часы смятения, неувренености в себе, сомнений, естественных вообще для актера, начинающего свой путь, и, может быть, в большой мере присущих молодому Советбеку Джумадылову, по натуре несколько замкнутому, склонному таить в самом себе свои боли от первых неудач, раскаяний в собственных ошибках, жизненных невзгод и ударов судьбы”. (В.Фуртичевдун 1983-жылы Фрунзеде, “Кыргызстан” басмасынын чыккан “Советбек Джумадылов” китебинен алынды, 12-бет). »

Ушул эле С.Жумадыловдун чыгармачылык тагдырында Мамат Рыскулов өтө олуттуу роль ойногон. Ал 1957-жылы С.Жумадыловго “Тар капчыгай” спектаклинде Мухтардын ролун берип, актердун бактысын ачкан. Аталган спектакль 1958-жылкы декадада Москвада көрсөтүлүп, өтө жогору баа алган (аталган китеп, 13-бет).
Мамат Рыскулов жөнүндө кыргыз театрынын эң көрүнүктүү, эң келбеттүү актрисаларынын бири М.Далбаева минтип эскерген:

« ...“Бул режиссер менин чеберчилик жөнүндөгү түшүнүгүмдү андан ары кеңейтүүгө, өстүрүүгө жардам берди, ал жумшактыкты, салмактуулукту, токтоолукту талап кылчу. Өзгөчө менин сөздөрүмдүн так жана жеткиликтүү айтылышына көңүл бурчу...” – деп, адилеттүү, жүрөгүнө адамкерчилик түнөтүп үйрөнгөн, бирөөнүн жакшылыгын унутпаган гана адам айта алат. Мираидадан башка бирөө Мамат жөнүндө минтип батынып айта албас эле.

Мамат Рыскулов 1955-жылы Токтоболот Абдумомуновдун “Атабектин кызы” аттуу пьесасы боюнча спектаклди ийгиликтүү коюп, кийинчерээк Жыпаргүлдүн ролу М. Далбаевага ыйгарылат. Ал (Мамат Рыскулов) Ф.Шиллердин “Жүзү каралык жана сүйүү” (1955), К.Жантөшөевдин “Каныбек” (1956) аттуу чыгармаларын кыргыз сахнасына алып чыгып, маданий коомчулук тарабынан жогору бааланган. Өтүп кеткен учурубузду, бүгүнкү күнүбүздү даярдаган келечегибизди унутуп коюу өз таржымалын унуткандык менен барабар деген терең ишенимде, актриса”. (С.Асанбековдун 1989-жылы, Фрунзе шаарынын “Адабият” басмасынан чыккан “Мираида Далбаева” китебинен алынды, 23-бет).

»

Койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тар капчыгай (автору Т.Абдумомунов).
Азоого чалма (автору К.Жантөшев).
Каныбек (автору К.Жантөшев).
Атабектин кызы (автору Т.Абдумомунов).
Жүрөк толкуйт (автору К.Маликов).
Укмуштуу эритме (автору В.Киршон).
Жакшынын шарапаты (автору Р.Шүкүрбеков).
Дос жөнүндө поэма (автору )
Жүзү каралык жана сүйүү (автору Ф.Шиллер).
Курманбек (автору К.Жантөшев).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры, Фрунзе, Кыргызстан, 1978.
Бекмурза Жумабаев.Современный киргизский драматический театр - 1953-1963. Автореферат. Алма-Ата - Москва, 1964.
Д.А.Молдобаев. Современный киргизский драматический театр в г.Фрунзе - 1961-1970. Автореферат. Москва, 1970.
В.И.Фуртичев. Советбек Джумадылов.Фрунзе, Кыргызстан, 1983.
Театральный календарь -1984. Москва, Искусство, 1983, 153-бет (мында Мамат Рыскулов койгон белгилүү спектаклдердин баарын Муратбек Рыскулов койгон деп жаңылыш берилген. Муратбек Рыскулов режиссер катары оюн койгон эмес).
А.Жунушов. С.Күмүшалиева. Фрунзе, Кыргызстан, 1985.
А.Жунушов. Сахна чеберлери. Фрунзе, Кыргызстан, 1988.
С.Асанбеков.Мираида Далбаева. Фрунзе, Адабият, 1989-жыл.

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.mk.kg/index.php?option=com_content&task=view&id Archived 2016-06-30 at the Wayback Machine...
http://www.presskg.com/aal/09/0917_11.htm Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine