Мираида Далбаева

Википедия дан
Далбаева, Мираида‎»‎ барагынан багытталды)
Далбаева Мираида
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Далбаева Мираида
Туулган жылы: 1939-жыл
Туулган жери: Баш-Кара-Суу айылы, Аламүдүн району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино, артисти
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл артисти жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.

Далбаева Мираида – театр жана киноартисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Далбаева Мираида 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясынын театрында иштейт.

Далбаева улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар башкы каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада бере алган актёр. Биринчи жараткан ролу К. Эшмамбетовдун «Эгиз бала» драмасындагы Муңдуктун ролу.

Негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Раневская («Алчалуу бак», А. Л. Чехов)
Эркайым («Ак боз ат» Ш. Садыбакасов)
Алыйман, Жамыйла («Саманчы жолу», «Жамыйла», Ч. Айтматов)
Айганыш («Өлбөстүн үрөнү», А. Токомбаев)
Аял («Унутулган адам», Н. Хикмет)
Коренкина, Катерина («Күнөөсүз күнөөлүлөр», «Добул», А. Н. Островский)
Жыпар, Сейдимкан, Калича («Атабектин кызы», «Акындын үмүтү», «Ашырбай», Т. Абдумомунов)
Регана («Король Лир», У. Шекспир)
Агафья («Үйлөнүү», Н. Гоголь)
Майраш, Зуура, Сыпайы кемпир («Атанын тагдыры», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», Б. Жакиев)
Зулайка («Байыркы жомок», М. Байжиев)
Ханума («Ханума», В. Цагарели)
Анара («Фудзиямадагы кадыр түн», Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов)
Гулгаакы («Курманбек», К. Жантөшөв)
Арапбаева («Жүз катын», Б. Өмүралиев)
Каныкей, Чачыкей, Каныкей («Айкөл Манас», «Сейтек», «Манастын уулу Семетей», Ж. Садыков) жана башкалар.

Киноролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гүлжан («Менин жаңылыштыгым»)
  • Кошокчу аял («Кошокчу»).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]