Мазмунга өтүү

Дулатова, Гүлшара

Википедия — ачык энциклопедия
Дулатова Гүлшара
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты:Гүлшара Дулатова
Туулган жылы:1930-жыл
Өлгөн жылы:2009-жыл
Туулган жери:Токмок шаары, РСФСР, СССР,Кыргызстан
Өлгөн жери:Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү:Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө:CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү:театр артисти, педагог, профессор
Наамдары:

КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Дулатова Гүлшара Иманалиевна – театр артисти, профессор, педагог,Кыргыз Республикасынын эл артисти.

1946-48-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын хорунда ырчы.
1953-жылы А. Н. Островский атындагы Ташкент театр өнөрү институтунун актердук бөлүмүн бүтүргөндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти.
Артисттик кызматы менен катарлаш 1972-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияда (1993-жылдан тартып театр окуу жайы), өмүрүнүн акыркы жылдарында кыргыз мамлекеттик искусство институтунда "Сахна сөзү" предметинен сабак берген.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Г.Дулатова ар түрдүү драмалык, трагедиялык, сатиралык жана комедиялык пландагы каармандардын образдарын бирдей деңгээлде түзө билген кеңири диапазондуу актриса.
Г.Дулатованын театрдагы олуттуу чыгармачылык ийгилиги Ч.Айтматовдун "Бетме-бет" повестинин негизинде коюлган спектаклдеги Сейденин ролунан башталат. Бул ролду ал СССРдин эл артисти даңктуу актриса Бакен Кыдыкеевага дублер болуп ойногон. Б.Кыдыкеева Сейдени Г.Дулатова терең жана мазмунду ойногонун көрүп, ага биротоло өткөрүп берген.
Экинчи бир даңктуу актриса СССРдин эл артисти Даркүл Күйүковага дублер болуп Г.Дулатова Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклде Толгонайдын образын жараткан. Бул образда Г.Дулатованын артисттик табиятындагы трагедиялуу кудурети толук көрүнгөн.
Бардык жанрларда ойноо жөндөмүнө карабастан, Г.Дулатованын негизги амплуасы - трагедия.
Ал кыргыздын улуттук сахнасындагы эң көрүнүктүү трагедиялык актриса катары бааланат. Айрыкча башкыр драматургу Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө" трагедиясында Г.Дулатова жараткан Тангабикенин образы, кыргыздын улуттук театрынын трагедиялык өнөрүнүн үлгүсү болуп саналат.
Г.Дулатованын чыгармачылыгы, анын трагедиялык кудурети туурасында театр иликтөөчү Ж.Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө" китебинде "Шык ажары" деген чыгармачылык портретинде жана башка макалаларында кеңири чагылдырган.
Кырк жылга чамалаган педагогдук ишинин ичинде Г.Дулатова кыргыз элине таанымал болушкан ондогон сахна чеберлерин даярдап чыгарды. Бул аралыкта Г.Дулатованын "Сахна сөзү" предмети боюнча жеке мектеби пайда болду. Анын педагогдук ишинин жемиши катары "Сахна сөзү" китебин көрсөтүү абзел.

Наамдары жана сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • КыргызССРинин эмгек сиңирген артисти (1967)
  • Кыргызстандын эл артисти (1977)
  • "Эл Достугу" ордени
  • Медалдар менен сыйланган
  • Сахна сөзү, Бишкек, "Бийиктик", 2000.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз совет энциклопедиясы. 2-том, Фрунзе, 1977-ж.
  • Жаныш Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.
  • Манас энциклопедия, 1-том, Б,1995-ж.
  • Чуй облусу, энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

--- Дулатова Гүлшара (1930, Токмок шаары) — кыргыз совет артисти. Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Ташкендеги Н. Островский атындагы мамлекеттик театр өнөр институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) бери Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. Д. ар түрдүү драмалык, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн диапазону кеңири артист. Анын театр өнөрүндөгү ишмердүүлүгү эпостук чыгармалардын негизинде жазылган драмаларда аткарган ролдорунан айкын көрүнөт.

"Манас" үчилтиги боюнча жазылган спектаклдерде Д. түзгөн эпикалык образдарга терең жарандык, психологизм мүнөздүү. Анын аткарган ролдору: "Манастын уулу Семетейде" Чыйырдынын жан-дүйнөсүн терең ачып берсе, "Сейтек" спектаклинде керт башынын кызыкчылыгын гана көздөгөн амалдуу, каардуу Мастан кемпирдин терс образын жана "Айкөл Манаста" "эл башына күн түшсө, эл коргоочу эр келет", алп Манасты тапкан жөнөкөй эне эле эмес, ал биринчи кезекте кысталышта жол тапкан, кыйын кезде сөз тапкан акылман, даанышман эне экендигин артисттик чеберчилиги менен айкалыштырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө идеал эне катары жеткире алган. Элдердин достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4