Сарыгулов Садыр

Википедия дан

Сарыгулов Садыр - сатиралык жазуучу, драматург. Садыр Сарыгулов Ак-талаа районундагы Баетов кыштагында 1941-жылы 10-октябрда туулган.

  • 1963-жылы Каракол шаарындагы пединституттун орус тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүткөн.
  • 1963–1965-жж. Нарын облусунун Нарын районундагы Кара-Кужур өрөөнүндөгү «Лахол» сегиз жылдык мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы жана орус тил мугалими,
  • 1965–1968-жж. Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайында орус тил жана адабият сабагынан мугалим,
  • 1968–1975-жж. Мамлекеттик телерадио комитетинин адабий редакциясында редактор жана улук редактор,
  • 1975–2000-жж. республикалык саясий-сатиралык «Чалкан» журналынын адабий бөлүмүндө редактор, башкы редактордун орунбасары, журналдын жооптуу катчысы болуп иштеген.

Чыгармачылыгы 1968-жылдан башталып, «Кыты-кыты» китеби 1974-жылы жарык көргөн. 2000-жылы «Тогуз-Торо баяндары» аттуу М.Эпеев жана Б.Бектеновдор менен бирдикте документалдык баян чыгарган.

С. Сарыгулов кыргыз журтчулугуна комедиограф-драматург катары таанымал. Алгачкы «Мурдуңузга шиш» аттуу комедиясы 1973-жылы, 1982-жылы «Көк бет же жинди аары», 1985-жылы «Куу дөңгөч», 1991-жылы «Чуу куйрук» аттуу көп актылуу комедиялары Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драмтеатрынын сахнасында коюлган. 1991-жылы Бишкек шаарында жаштар театрында «Өрттөн кийинки өрт» аттуу көп актылуу комедиясы, 1996-жылы Кыргыз Улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драмтеатрда «Убалым уктатпасын» аттуу документалдык трагедиясы коюлган.

Телерадио комитетинин алтын фон-дусуна «Кудалар келет» (1973), «Апа, баары эсимде» (1975), «Ак ийилет, сынбайт» (1991), «Айыпкердин акыркы сөзү» (1995) аттуу радиопьесалары жазылып алынган.

С. Сарыгуловдун айрым фелъетон-юморескалары «Крокодил» журналына чыгып, орус, казак, украин, беларус, өзбек, тажик, грузин тилдерине которулган.

1978-жылдан СССР Журналисттер, 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргызстан журналисттер союзунун байгесинин жеңүүчүсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыты-кыты: Юмордук аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 86 б.
  • Шыбыр: Юмордук аңгемелер жана комедия. – Ф.: Мектеп, 1977. – 134 б.
  • Абышка: Юморлуу аңгемелерден түзүлгөн повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 144 б.
  • Балыкчы: Сатиралык аңгемелер, кытыгылар, юморлор. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 118 б.
  • Талөөндөй бала: Юмордук повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 168 б.
  • Жалган дүйнө: Сатиралык роман. 1-китеп. – Б.: Адабият, 1993. – 319 б.
  • Өгөй бала жана өз бала: Юморлуу повесть, аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1989. – 127 б.
  • Ыркыраков Чыркырак: Сатиралык роман. – Б.: Шам, 1997. – 172 б.
  • Талант жана кара көлөкө. – Б.: Бийиктик, 2002. – 164 б.
  • Босогонун боз барчын: Роман. – Б.: Бийиктик, 2003. – 234 б.
  • Күлкү жана ый: Аңгемелер жана “Ыркыраков Чыркырак» романынын экинчи китеби.–Б.:Бийиктик, 2005. – 234 б.
  • Жылмайгың же ырсайгың келеби?: Юморлуу, сатиралык аңгемелер, комедия ж/а бармак басым портреттер – Б.:Бийиктик, 2013. – 264 б.