Беккожо

Википедия дан

Беккожо - Манас Торучаарды окко учуруп жөө калганда жардамга келген Кошой Манаска арнап алып келаткан Айбанбозду берет. Ушул эле жерде «Беккожо берген Айбанбоз азыр эми токунуп» (Саякбай Каралаев, 1. 159) деген саптар бар. «Беккожо» деген сөз адамдын аты же Кошойго карата айтылган, анын кандайдыр бир артыкчылыгын билдирген наам же даража болушу этимал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4