Бекманбетов, Сүйүнбек

Википедия дан

Бекманбетов Сүйүнбек (1948-ж. т., Ак-Талаа району, Ак-Кыя айылы) — спортчу (эркин күрөш), СССР спорт чебери (1974), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыргычы (1985).
1971-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүткөн.
1971—81-ж. Нарын шаардык балдардын спорт мектебинде машыктыргыч, 1981—97-ж. директор, 1997- жылдан эркин күрөш боюнча олимпиалык резервдеги балдар спорт мектебинин директору.
Эл агартуу отличниги (1978). 12 спорт чеберин, СССРдин 5 чемпионун даярдаган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.