Мазмунга өтүү

Бектемирова Айнагүл Кашкарбаевна

Википедия долбоорунан
Туулган жылы:

10 -март 1961(1961-03-10) (64 жаш)

Илимий чөйрөсү:

тарых

Илимий даражасы:

тарых илимдеринин кандидаты (2009), доцент (2012)

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова (Ainagul Bektemirova; 1961-ж. 10-мартта т.) - кыргызстандык тарыхчы айым, тарых илимдеринин кандидаты (2009), доцент (2012).

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Дөбөлү кыштагында 1961 - жылдын жалган куран (март) айынын 10унда туулган.

Айнагүл Бектемирова Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектепте 1968-76-жылдары окуду.

1976 - 78 - жылдары өз айылындагы Дөбөлү орто мектебинде окуп, ийгиликтүү аяктаган.

1978 - 1979 - жылдар – Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы орто мектептин улуу пионер вожатыйы.

1979 - 1985 - жылдар – Фрунзе шаарындагы «ФПШО 1 май» фабрикасында тигүүчү.

Айнагүл Бектемирова 1981 - жылы Кыргыз улуттук университетинин (университеттин ал кездеги аталышы - СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин) тарых факультетине тапшырган.

1986-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин (тарых жана коом таануу адистиги боюнча) аяктаган.

Айнагүл Бектемирова Нарын облусунун ар кыл орто мектептеринде мугалим жана башка кызматтарда иштеген.

1985 - 1986 - жылдар – Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) «ФПШО 1 май» фабрикасында комсомол уюмунун сектор башчысы.

1986 - 1990 - жылдар – Нарын шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинде тарбиячы.

1990 - 1999 - жылдар – Нарын шаарындагы мектептерде тарых мугалими.

1999 - 2001 - жылдар – Нарын облустук жарандык коргоону штабынын окутуучусу.

Айнагүл Бектемирова 2001 - жылдан тартып Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) окутуучу болуп иштей баштады.

2001 - 2003 - жылдар – НМУнун юридикалык факультетинин ага лаборанты.

2003 - 2005 - жылдар – НМУнун тарых факультетинин методисти.

2005 - 2009 - жылдар – НМУнун тарых жана философия кафедрасынын окутуучусу жана ага окутуучу.

А.Бектемирова кандидаттык диссертациясын 2009-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институнун жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдында тарых илимдеринин доктору (кандидаты) даражасын алуу үчүн диссертацияларды коргоочу Д 07.09.390 диссертациялык кенешинин жыйынында коргогон.

Анын "Ата мекендик тарых" адистиги боюнча кандидаттык диссертациясынын темасы: "Нарын облусунун социалдык-экономикалык турмушу: (1991-жылдан 2005-жылга чейин)". Илимий жетекчиси - тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов.

2009-жылдын 12-ноябрында НМУнун Тил илими факультетинин факультеттер аралык дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы болуп дайындалган.

2010-жылдын 1-февралда НМУнун Тарых, фиолософия жана мамлекеттик башкаруу кафедрасынын доценттинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2010-2014-жылдар – С.Нааматов атындагы НМУнун Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы.

2010-2016 – жылдар – НМУнун тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти.

2016 - 2022 - тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу.

2022-2023-жылдар - НМУнун педагогика, тарых жана окутуунун технологиялар кафедрасынын доценти.

Учурда АКШнын Чикаго шаарында жашайт.

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова 9 китеп, 3 электрондук окуу-методикалык комплекси, 50дөн ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалалар жарыялаган.

Мунун ичинде:

1. Бектемирова А.К.«Азия өлкөлөрүнүн соңку тарыхы (1918-2010-жж.)» (21,15 б.т.) окуу куралы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү мекемелери үчүн окуу куралы катары уруксат кылынып, басмадан чыккан. (Калемдеши – Максат Эсенгазиевич Жумабаев). - Бишкек, 2011.

2.Бектемирова А.К.«Совет коомунун кыскача тарыхы» (388-б) окуу куралы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү мекемелери үчүн окуу куралы катары уруксат кылынып, басмадан чыккан. (Калемдеши – Максат Эсенгазиевич Жумабаев). -Бишкек, 2013.

3.Бектемирова А.К. «Дүйнөлүк диндердин тарыхы» окуу куралы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү мекемелери үчүн окуу куралы катары уруксат кылынып, басмадан чыккан. (Калемдештери – Назира Умаровна Курбанова, Чынаркул Жумашевна Карасартова, Максат Эсенгазиевич Жумабаев). -Бишкек, 2022. 326-бб.

4. Бектемирова А.К. Диндердин өнүгүү тарыхы. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китеби. Бул окуу китеби Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган. (Калемдештери – Назира Умаровна Курбанова, Мурат Калматович Иманкулов, Максат Эсенгазиевич Жумабаев).7-класс.Бишкек, 2024. – 134 б.

5. Бектемирова А.К. Диндердин өнүгүү тарыхы. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китеби. Бул окуу китеби Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган. (Калемдештери –Чынаркул Жумашовна Карасартова, Максат Эсенгазиевич Жумабаев, Алайгул Карабаевна Бекбоева, Мурат Калматович Иманкулов. 8-класс.Бишкек, 2024. – 157- б.

6.Бектемирова А.К.Диндердин өнүгүү тарыхы. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн методикалык колдонмо.Бул методикалык колдонмо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган. (Калемдеши – Чынаркул Жумашевна Карасартова). 7-8-класс. Бишкек, 2024. – 111 б

А.К.Бектемированын «Байыркы Грециянын жана Римдин тарыхы» дисциплинасы боюнча иштеп чыккан электрондук окуу-методикалык комплекси «EdNet» жана Билим берүү министрлиги тарабынан 2010-жылы уюштурулган «Инновациялык окуу-методикалык комплекс» сынагынын жеңүүчүсү деп табылган.

Ал Кыргызстандын тарыхы, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн соңку тарыхы, түрк элдеринин тарыхы ж.б. боюнча дарстар окуп келет.

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Сыйлыктары. Наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2004. - Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министирлигинин Ардак грамотасы.
  • 2006. - Кыргыз республикасынын Билим жана илим министрлигиинин жана жаш окумуштуулар кеңешинин Ардак грамотасы.
  • 2009. - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы (отличниги).
  • 2010. - «EdNet» ассоциациясы жана Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан уюшулган «Инновациялык окуу-методикалык комплекс» сынагынын жеңүүчүсү.
  • 2013. - C.Нааматов атындагы НМУнун  «Эң мыкты окмуштуу» номинациясындагы сыйлыктын ээси.
  • 2014, 2015. - C.Нааматов атындагы НМУнун «Мыкты илимий жетекчи», «Мыкты окутуучу» номинациясындагы сыйлыктардын ээси.
  • 2015. - Нарын облусунун «Ардактуу айымы».
  • 2016. - Кыргыз Ресупубликасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы.
  • 2016. - 2016-жылдын мыкты доценти, Кыргыз Туусу газетасына жарыяланган.
  • 2018. - Орусиянын Табият таануу академиясынын профессору.

Эмгектеринин кыскача тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызская этнография. – Бишкек, 2002. (калемдеши – Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна)
  • Нарын облусунун социалдык-экономикалык турмушу (1991-2005-жж. – Бишкек, 2010.
  • Бектемирова А.К. Хунндар жана кыргыздар [Текст] / А.К. Бектемирова // Образование в XXI веке: традиции, проблемы, перспективы: матер. научно-прак. конф. Нарын, 2007. – 103-110 бб.
  • Бектемирова А.К. Нарын облусундагы жакырчылык жана аны жоюунун аракеттери [Текст] / А.К.Бектемирова // Вестник Кыргызского аграрного ун-та. им. К.С.Скрябина. – 2004. №2.-231-235 бб.
  • Бектемирова А. К. С.Наматов – алгачкы агартуучу [Текст] / А.К.Бектемирова // Известия вузов. – Бишкек, 2010. -№2. - 23-25 бб.
  • Бектемирова А.К.Тарыхый эстеликтерди коргоо жана сактоо маселелери [Текст] / А.К.Бектемирова // Кыргыз каганаты  түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын тезистери. Бишкек шаары, 2013-жылдын 15-16-ноябры. – Б., 2013. ­– 107-.б.
  • Бектемирова А.К.2010-жылдын 7-апрелине чейинки Нарын регионундагы элдик толкундоолордун жүрүшү [Текст] / А.К.Бектемирова, М.Э.Жумабаев //– Известия ВУЗов.  – Бишкек, 2013. –18-21-бб.
  • Бектемирова А.К.Дүрбөлөң Мамбетов – кыргыз элинин чыгаан белгилүү физик-окумуштуу – агартуучу [Текст] / О.Т.Абдылдаев, Б.Жусуева //– Известия ВУЗов.  – Бишкек, 2013. –276-278-бб.
  • Бектемирова А.К. Состояние животноводства Кыргызстана в начальном этапе аграрно-земельной реформы (1990-1993гг.) [Текст] / А.К. Бектемирова // Инновационнай наука. Международный научный журнал.Научно-издательский центр «Аэтерна». – Уфа, 2015. С.92-95. №11. Часть 3.
  • Бектемирова А.К. Проблемы в животноводческой отрасли Кыргызской Республики (1993-1994гг.) [Текст] / А.К.Бектемирова //Успехи современной науки. ­ Международный научный журнал. Белгород, 2016. №1.  С.129-131.
  • Бектемирова А.К. Влияние аграрно-земельной реформы в Кыргызстане на животноводство (1994-1996гг. [Текст] / А.К.Бектемирова // Молодой ученый. Международный научный журнал. Казань, 2016. С.№20.1 (124.1). С.13-15.
  • Бектемирова А.К.Кыргызстандагы агрардык-жер реформасы мезгилиндеги кой чарбасындагы өзгөрүүлөр [Текст] / А.К.Бектемирова // С.Нааматов атындагы НМУнун Жарчысы. ­– Бишкек, 2016. – №4, 11-12-бб.
  • Бектемирова А.К.Состояние племенного овцеводства Кыргызской Республики в 1990-х гг. [Текст] / А.К.Бектемирова // Общество: философия, история, культура. Краснодар, 2018.www/dom-hors/ru. №7. (51). С.74-76.
  • Бектемирова А.К.Из истории реализации проекта «Развитие овцеводства» в Кыргызской Республике (1996-2000гг.) [Текст] / А.К.Бектемирова // Общество: философия, история, культура. Краснодар, 2018.www/dom-hors/ru. №10. (54). С.116-119.
  • Бектемирова А.К. Состояние и перспективы развития скотоводства в Кыргызской Республике (1990-2017гг. [Текст] / А.К.Бектемирова // Общество: философия, история, культура. Краснодар, 2018.www/dom-hors/ru. №11. . С.116-119.
  • Бектемирова А.К.Кой чарбасын өнүктүрүү – Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгынын приоритетүү багыты [Текст] / А.К.Бектемирова // ALATOO ACADEMIC STUDIES. – Б., КЫРГЫЗСТАН. 2018. №2. –С.96-101.
  • Бектемирова А.К.Кыргыз Республикасында бодо мал өстүргөн асыл-тукум заводдор жана фермердик чарбалар [Текст] / А.К.Бектемирова // ALATOO ACADEMIC STUDIES. – Б., КЫРГЫЗСТАН. 2018. №2. –С.96-101.
  • Бектемирова А.К.THE HISTORY OF LARGE-SCALE FARMS IN THE BREEDING OF CATTLE IN THE KYRGYZ REPUBLIC (1991-2017.) [Text ] / А.К.Bektemirova // European Journal Of Natural History. 2018. №6. -P.19-21.
  • Бектемирова А.К.История производства продукции коневодческих хозяйств в Кыргызской Республике (1191-2017). / [Текст] А.К.Бектемирова // Актуальные проблемы социально-гуманитарного и научно-технического знания. Россия. №3 (19), 2019. С.7-11.
  • Бектемирова А.К.История основные направления  развития коневодства в Кыргызской Республике (1991-2017) [Текст] / А.К.Бектемирова // Российская наука и образования сегодня:проблемы и перспективы.Россия №5(30), 2019. С5-10.
  • Бектемирова А.К.Кыргыз Республикасында Эгемендүүлүк жылдарындагы ветеринария тармагынын абалы: көйгөйлөрү жана келечеги [Текст] / А.К.Бектемирова // Исвестия Вузов Кыргызстана. Бишкек, 2019. №8, - 70-75-бб.
  • Бектемирова А.К.1990-1999-жылдардагы Кыргызстандагы ветеринария тьармагынын өнүгүшүнүн тарыхы.[Текст] / А.К.Бектемирова // Исвестия Вузов Кыргызстана. Бишкек, 2019. №8,140-144-бб.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]