Беллини Винченцо

Википедия дан

Беллини Винченцо (италиянча: Vincenzo Bellini, 3. 11. 1801, Катания, Сицилия — 23. 9. 1835, Пюто, Парижге жакын) — Италиялык композитор. Музыканттардын үй-бүлөсүнөн (чоң атасы органист жана композитор, атасы дирижёр болгон). 1819-25-ж. Неаполдо «Сан-Себастьяно» консерваториясында окуган. 1825-ж. алгачкы «Адельсон жана Сальвини» операсын жазган. Беллини «Бианка жана Фернандо» операсы (1826, «Сан-Карло» театры, Неаполь) менен таанылган. «Бөтөн кыз» (Милан), «Заира» (Парма; экөө тең 1829), «Капулетти жана Монтекки» (У. Шекспир; 1830, Венеция), «Сомнамбула» жана «Норма» опералары менен чоң ийгиликтерге жетишкен. «Беатриче ди Тенда» (1833, Венеция) операсынын премьерасынан кийин Италияны таштап, Лондонго, андан кийин Парижге келген. Ж. Россининин колдоосунда Ф. Шопен менен достук мамиледе болот. Италия труппа үчүн Парижде «Пуритандар» операсын (В. Скотт, 1835) жазган. Бул опера Беллинге ийгилик алып келген. Опера композитору катары (10 опера) атакка ээ болгон. 20 чиркөө чыгармалары (1825), 7 симфониясы (1821-24), каприччио жана фортепьяно үчүн полонез (4 кол менен), бир нече ырлары, гобой жана кылдуу аспаптар үчүн концерти сакталып калган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган (1835).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4