Бел куда

Википедия дан

Бел куда — ата-энелердин балдары төрөлө электе эле кудалашуусу. Ымаласы жакын адамдар өздөрүнүн жакындыгын бекемдөө же сөөк жаңыртуу максатында, же жоокерчилик согушта жеңилген элдин башчысынын жеңген тараптын каны менен достошкон учурда, эгерде келечекте бири уулдуу, экинчиси кыздуу болсо баш коштуруу үчүн кудалашкан. Никенин мындай түрү алгачкы жамаат коом менен байланышкан. Өнүгүүнүн бул баскычында бир уруунун кыздары, экинчи бир уруунун балдары менен (туулгандан тартып) колукту, күйөө болушкан. Тарыхый-этнографиялык материалдар ырастаган никенин бул түрү бизге жумшартылган, өзгөргөн түрүндө келип жетти. Болочокку баатыр менен анын ала турган колуктусун алар төрөлө электе эле бири-бирине ыйгарып коюу, кээде экөөнүн бир убакытта төрөлүшү, алардын бойго жеткенде бири-бирин издешип, акырында ар кыл кыйынчылыктарды башынан өткөрүп үйлөнүшү да түрдүү эпостордо кеңири кездешкен эпикалык салттардан. Мисалы, өзбектердин «Алпамыш», казактардын «Козу Көрпөш менен Баян сулуу», түркмөндөрдүн «Тахир менен Зухра» эпосторунун баш каармандарынын жана алардын алган колуктусунун аталарынын Б. к. болушканын айтсак болот. Кудалашуунун бул түрү «Манаста» да чагылдырылган. Эпосто Семетей менен Айчүрөк төрөлө электе эле Манас менен Оогандын каны Акун Б. к. болушат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Акун кан колго түшүп, Манас менен достошуп кудалашса, Саякбай Каралаевдин вариантында:

Кан Көкөтөй ашында,

Калың жыйын кашында,

Канкор Манас Акунга

Бел куда болгон жери бар (Саякбай Каралаев, 2. 54),— деп сүрөттөлөт. Көп өтпөй Манас уулдуу, Акун кыздуу болуп, баланын аты Семетей, кыздын аты Айчүрөк коюлат. Эпосто Семетей менен Айчүрөктүн үйлөнүшү Б. к-лык салт боюнча эмес,

ыктыярдуу эркин махабатка негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4