Бенедикт Камбербэтч

Википедия дан

Бенедикт Тимоти Карлтон Камбербэтч англ. Benedict Cumberbatch;(1976-жылдын 19-июлунда туулган) - кинодо, теледе, театрда жана радиодо роль жараткан англиялык актер. Ал актерлор Тимоти Карлтон жана Ванда Вентхамдын уулу. Камбербэтч Манчестер университетин бүтүргөндөн соң, Лондон Музыка жана драма искусствосу академиясында окуп, "Классикалык актерлук өнөр" адистиги боюнча "Искусство магистри" академиялык даражасын алган. Ал Реженс-Парктагы "Ачык асман" театрында классикалык ролдору аткаруу менен чыгармаылыгын баштаган. "West End" театрында 2005-жылы коюлган Ричард Айрдын "Гедда Габлер" (англ. Hedda Gabler) пьесасында Жорж Тесмандын ролу менен театрда актердук тушоосу кесилген. Ошондон баштап Королдук улуттук театрда "Бийден кийин" (англ. After the Dance, 2010) жана "Франкенштейн" (англ. Frankenstein, 2011) пьесаларында ойногон. 2015-жылы, ал Barbican театрында Уильям Шекспирдин "Гамлет" (англ. Hamlet) пьесасында роль жараткан.

Б. Камбербэтч көптөгөн сыйлыктардын ээси, ал үч жолу Лоуренс Оливье атындагы сыйлыкты уткан, "Франкенштейн" (англ. Frankenstein, 2011) пьесасындагы ролу үчүн "Пьесадагы эң мыкты актер" номинациясына татыктуу болгон. Б. Камбербэтч төрт жолу праймтаймдык "Эмми" сыйлыгына көрсөтүлүп, "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock) тасмасындагы ролу үчүн "Кичи сериалда башкы ролдогу эң мыкты актер" сыйлыгын жеңип алган. Актердун "Окшоштурулган оюн" (англ. The Imitation Game) ролу "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Мындан тышкары,Б. Камбербэтч Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына алты жолу, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына беш жолу жана эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2014-жылы актер Time журналынын "Дүйнөнүн эң таасирдүү инсандары" жылдык тизмесине кирген 2015-жылдын июнь айында Каныша Елизавета Экинчи тарабынан Б. Камбербэтчке искусствого жана кайрымдуулукка кошкон салымы үчүн Британия империясынын Ордени ыйгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]