Бехистун аскасы

Википедия дан
Бехистун аскасы.
Бехистун аскасы.

Бехистүн аскасы — түндүк-батыш Ирандын Керманшах шаарынан 80 км алыстыкта жайланышкан. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Биздин заманга чейинки 516-жылы Дарий Iнин буйругу боюнча жерден 152 м бийиктикте, узундугу 20 м, бийиктиги 8 м келген тик аскада байыркы перс клинопись жазмасы аркылуу элам жана вавилон тилдеринде Орто Азия жана Теңир-Тоо аймагын байырлашкан көчмөн элдер тууралуу алгачкы маалымат берилет. Жазмада Дарий Iнин Орто Азияга жасаган жортуулу жана ал басып алган элдер (өзгөчө сактар) тууралуу кабарлар берилет. Бул байыркы жазууларды 1835–47-жылдары Г. Роулинсон которгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]