Бехустун аскасы

Википедия дан

Бехустун аскасы түндүк-батыш Ирандын Керманшах шаарынан 80 км алыстыкта жайланышкан. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Б.з.ч. 516-жылы Дарий Iдин буйругу боюнча жерден 152 м бийиктикте, узундугу 20 м, бийиктиги 8 м келген тик аскада байыркы перс клинопись жазмасы аркылуу элам жана вавилон тилдеринде Орто Азия жана Теңир-Тоо аймагын байырлашкан көчмөн элдер тууралуу алгачкы маалымат берилет. Жазмада Дарий Iдин Орто Азияга жасаган жортуулу жана ал басып алган элдер (өзгөчө сактар) тууралуу кабарлар берилет. Бул байыркы жазууларды 1835–47-жылдары Г. Роулинсон которгон.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.