Бешбармак

Wikipedia дан
Бешбармакка эт тууроо учуру
Тууралган эт
Майлуу чык
Бешбармак
Шорпо

Курамы жана келип чыгышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган кесме жана майлуу чык аралаштырылып бешбармак жасалат. Этти майда тууроо - улууларды, карыяларды сыйлоо. Бешбармактын алдында устукан тартылат.

Бешбармак бардык малдын (жылкы, уй, кой, топоз, эчки) ошондой эле кийиктин (аркар, кулжа, бугу, элик) жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат.

Эт тууроо[оңдоо | булагын оңдоо]

Эт тууроо – атадан балага келаткан өнөр. Муну көбүнчө жигиттер аткарат. Эт туураган адамдын бычагы мокок болсо, эт майда тууралбай, эт туураган адамды бушайманга салат. Эгерде дасторкондо отурган жаш адам эт туураганды билбесе, "атасы үйрөткөн эмес да" деген сөздөр анын атасынын атына шек келтирет. Тууралчу эт жик-жиги менен сол колго кармалып, ыңгайына карай тууралат. Майда тууроо, албетте, кары-картаңдарды сыйлап, аларга эт жегизүү үчүн.

Наарын (нарын)[оңдоо | булагын оңдоо]

Бышкан этти майдалап туурап, чык куйган тамак. Ага кесме кошулбайт. Наарын үчүн эт кырылып күл майдаланып, бөртүлүп же куш тил, бөрү тил, жапырак, уй тил сымал тууралат. Нарын кыргыз элинин илгертен эле сый тамагы болгон. "Манас" эпостогу нарын жөнүндөгү маалыматтар анын байыркы тамактардан экендигин айгинелейт: «Туу байталдан сойдуруп, Туурап нарын койдуруп» (СО, 4.87). Кесме кошулган наарын азыр бешбармак аталып жүрөт.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995


Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]