Билимдин функциялары

Википедия дан

Билимдин функциялары – билимдердин азыркы деңгээлинде алардын жогоруда аталган бардык түрлөрү бири-бирине таасир этишет.

Билимдердин бардык түрлөрүнүн чогуусу гана адамдардын турмушунда өздөрүнүн зарыл функцияларын толук аткара алышат. Тилекке каршы, окутуу процессинде, ал гана эмес кээде программаларды жана окуу китептерин түзүүдө да билимдердин айрым түрлөрүн, атап айтканда, таанып билүүнүн процесстери жана ыкмалары жөнүндөгү билимдер, ойдун пайда болуу жана өнүгүү тарыхы жөнүндөгү билимдер, баа берүү билимдери эске алынбай калат. Мунун өзү окуучулардын инсандык калыптандырууда өтө зыяндуу. Окуучунун инсанын калыптандырууда билимдердин аткара турган үч функциясын белгилөөгө болот.

Билимдин функциялары – окуучунун айланадагы чындыкты элестөөлөрүнүн негизин түзөт, билимсиз окуучу реалдуу чындыктын объекттерин туура жана толук элестете албайт. Билимдердин бул функциясын онтологиялык деп аташат. Адам өзүнүн биринчи эле турмушунда айлана чөйрө менен катнашып, өзүн курчап турган предметтер жөнүндөгү, андан кийин алардын байланышы, адамдардын өз ара катнаштары жөнүндөгү, акырындап отуруп адамдардын арасында жана дүйнөдө өзүнүн алып турган орду жөнүндөгү элестерге ээ болот. Мындай элестөөлөр болмоюнча адамдын турмушунун да болушу мүмкүн эмес. Адамдын мындай элестөөлөрү да чектүү, же эң эле кең болушу мүмкүн, анын ишмердүүлүгүнүн областы дал ошого көз каранды. Мектептин милдети окуучуларда дүйнөнүн жалпы картинасын азыркы илимдин деңгээлинде калыптандырууда турат, анткени, бул картина адамдын сезиминде канчалык так калыптанса, анын түшүнүгү да жана багыт алуу сферасы да ошончолук кең болот.

Билимдердин экинчи функциясын багыттоочу деп аташат, анын мааниси адамдын практикалык же руханий ишмердигинин багытын аныктоодо турат. Мыйзамдарды , кубулуштардын өнүгүү тенденциясын билүү жана аларды түшүндүрө алуу менен адам дал ошол билимдерге ылайык ыкмаларды жана аракеттенүүлөрдүн принциптерин тандап алат. Билимдин функцияларынын белгилүү бөлүгү ишмердиктин (эмгектенүүнүн) эрежелер, көрсөтмөлөр, алгоритмдер сыяктуу нормаларын түздөн-түз мүнөздөйт.

Эң акыры, билимдер окуучунун реалдуу чындыктагы объекттерге катнашуусун калыптандыруунун базасын түзөт, анткени, объект жөнүндө билим болмоюнча ал объектге катнашуу да болушу мүмкүн эмес. Бул билимдердин үчүнчү функциясы баа берүү функциясы болуп эсептелет. Ошентип, биз билимди өздөш-түрүүнүн ар түрдүү деңгээлиндеги аныктама бердик. Билимдердин түрлөрүн жана окуучунун личностун калыптандырууда алардын аткаруучу функцияларын аныктап чыктык. Бул маалыматтарды так билмейинче мугалим өзүнүн күндөлүк ишин илимиү негизде туура түшүнүп баалай албайт.

Анткени билимдердин мазмунуна байланыштуу окутуунун максаттары азыркы кезде төмөндөгүчө:
1. Бардык окуучуларды массалык түрдө өз алдынча билим алууга, б. а. өзүнүн билимин өз алдынча толуктоого даярдоо, аларды ил. жана саясый информациялардын күчөгөн агымында туура багыт ала билүүгө үйрөтүү;
2. Өндүргүч күчтөрдүн жана илимдин андан аркы өнүгүшүнүн, интеллектуалдуу күчтөрдү калыптандыруунун эң маанилүү шарты катарында окуучулардын чыг-лыктуу жөндөмдүүлүктөрүн массалык түрдө тарбиялап өстүрүү;
3. Бардык окуучулардын, б. а. бүткүл жаш өспүрүмдөрдүн илимий көз карашын ийгиликтүү калыптандырууну камсыз кылуу талаптары менен аныкталып отурат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,