Мазмунга өтүү

Бирма Википедиясы

Википедия дан
Favicon Википедия Бирма Википедиясы
Уикиресурстарда бул баракка жазуулар жок
URL:

my.wikipedia.org

Долбоордун мүнөзү:

Жакшылык

Сайттын түрү:

Тармактык энциклопедия

Катталуу:

Милдеттүү эмес

Тили:

бирма

Ээси:

Викимедиа фонду

Иштеп баштаганы:

1-январь 2004-ж; 20 жыл мурун (2004-01-01)

Макалалардын саны:

108 555 (71-орун)

Файлдардын саны:

2 912

Баракчалардын саны:

248 492

Оңдоолордун саны:

853 896

Катталган колдонуучулары:

125 402

Активдүү колдонуучулары:

113

Администраторлору:

4

Тереңдиги:

5,7

Burmese Wikipedia

Бирма Википедиясы (бирм. မြန်မာဝီကီပီးဒီးယား; IPA: [mjəmà wɪkɨˈpiːdiə]) — бирма тилиндеги Википедия бөлүмү. 2004-жылы июлда иштей баштаган.

Бирма Википедиясында 28 -декабрь (бештин айы) 2024 карата 108 555 макала, 125 402 катталган колдонуучу, 5 администратор бар. Бирма Википедиясындагы барактардын жалпы саны — 248 492, түзөтүүлөр — 853 896, жүктөлгөн файлдар — 2912. Бирма Википедиясынын тереңдиги (тил бөлүмүнүн өнүгүү деңгээли) өтө төмөн, болгону 5.7 упай[1].

  • 2004 — бирма Википедиясы иштей баштады.
  • 2008 — көлөмдүн тез өсүшү.
  • 2010 — Бангкокто Викимедиа фондунун өкүлдөрү, юникод стандарты боюнча жергиликтүү жана эл аралык эксперттер жана Бирмалык википедиячылар катышкан биринчи Википедия семинары өттү.
  • 2012 — Бирма Википедиясы BarCamp Рангундө көрсөтүлгөн.

Окуялар жана презентациялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы Мьянманын компьютер адистеринин ассоциациясы Wikipedia Myanmar project долбоорун ишке киргизген, анын максаты Википедия көлөмүн көбөйтүү[2].

2014-жылдын июнь айында Бирма Википедия жамааты Мьянманын Рангун шаарында биринчи семинарын өткөрдү. Бул жолугушуу Telenor дун жардамы менен өттү жана анын максаты жаңы волонтерлорду тартуу болгон[3]. Бирма Википедия форуму 2014-жылы июльда Дагон университетинде өткөн. Ошол жерге 2000-ден ашык адам, анын ичинде студенттер дагы келген[4].

Бирмандык интернет колдонуучулардын көбү Zawgyi шрифтин колдонушат, ал юникодго толук шайкеш келбейт, бул Бирма Википедиясын окууну кыйындатат[2] [4][5].

  1. Бирма Википедиясынын статистикасы.
  2. 2.0 2.1 The Myanmar Times. Myanmar Wikipedia project targets 15,000 pages. mmtimes.com(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  3. Telenor Group - Bringing Wikipedia to Myanmar. Telenor Group(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2018.
  4. 4.0 4.1 Win Htut. Telenor hosts Wikipedia forum at Dagon University. Eleven Myanmar(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  5. The Myanmar Times. Spark of knowledge starts with Wikipedia. mmtimes.com(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).