Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы

Википедия дан

«Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» — орус коомдук ишмери жана диний кызматкер Григорий Спиридонович Петровдун жазган китеби (1866—1925). Октябрь революциясынан кийин, Петров Сербияда жашап жатканда, Финляндия тууралуу жазылган китеп. Китеп Финляндия өлкөсүн идеалдуу өлкө катары сүрөттөп, аны Орусия жана башка өлкөлөргө үлгү болорун сунуштагандай жазылган . Китеп 2013 жылы кыргыз тилине которулуп,  KITEP.KG басмаканасы тарабынан басылып чыгарылган.

Петровдун өлүмүнөн кийин китеп көп жолу кайрадан бастырылып чыгарылган(анын ичинде 14 жолу болгар тилинде жана 16 жолу түрк тилинде).

Китептин автору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Григорий Петров

Григорий Спиридонович Петров (1866—1925) — диний кызматкер, коомдук ишмер, журналист, публицист жана үгүттөөчү. Ямбург шаарында төрөлгөн (азыргы — Кингиссеп). Санкт-Петербург диний академиясын аяктаган. Михайлов артиллериялык окуу жайында, Пажеск корпусунда, Александров лицеинде, Политехника институтунда жана башка көптөгөн гимназияларда сабак берген. Анын жазган чыгармалары Санкт-Петербург шаарында өтө кең тарап, Петров тез арада эле атактуу боло калган. 

Кайрадан басып чыгарылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1925 жылы автордун өлүмүнөн кийин китеп болгар тилинде жарыка «В страната на белите лилии» («Ак лилиялар өлкөсүндө») аталышы менен жарыка чыгат.[1].

Болгар тилинен китеп түрк тилине которул чыгган, биринчи чыгарылышы Стамбул шаарында 1928 жылы болгон. Түрк лидери Мустафа Кемал Ататүрк китептин абдан жактыргандыгынан, аны «жашоону жаңыртуу» колдонмосу катары окуу жайлырынын окуутуу программасына кошулуусун сунуштайт[1].


Китептин мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоону оңдогондордун окуюлары.

1909-1910-жылдары Финляндияны эки жолу кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон элем. Бул өлкө адамга өзгөчө бир таасир калтырат. Бөлөк өлкөлөргө эч окшобойт. Адамдары да башкалардан айырмаланып турат. Биздин пикирлерибиз, кыймыл аракеттерибиз, жашоого болгон көз карашыбыз жана мамилелерибиз аларда жок. Кайсыдыр бир башка планетанын өкүлүндөй сезилишет. Ыйык китепте баяндалгандай, ак лилия гүлдөрүн эске салат. Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө өзүмдүн чөнтөк дептеримдеги жазган күндөлүгүмдү жана байкоолорумду 1914-жылы «Съвременна мысл» деген журналга жарыялаган болчумун. Мен анда төмөнкүлөрдү белгилеген элем: …Финляндиядагы маданияттын мындай жогорулашы Европанын эч жеринде жок. Ал эң жаш өлкөлөрдүн катарына кирет. Калкы Волга дарыясынан өтүп, Урал тараптан көчүп келген. Балким байыркы болгарлар менен кошуна же алардын бир уруусу болгон чыгаар.

Бир кездерде «Эч кимдин бизге зыяны тийбесин, жапа чектирбесин» дешип тынч жерлерди издешиптир. Ансыз деле алар өздөрүнө таандык табиятына ылайык жоош-момун христиан адамдар болушкан. Эч ким жашабай турган жана жашай албай турган бүгүнкү мекенине келип жайгашышкан. Орусия менен Швеция азыркы Финляндияны ондогон, жүздөгөн жылдар бою табигый бир чеп катары колдонуп келген. Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 6 Швециялыктар дагы, орусиялыктар дагы Финляндияда чоң саздар жана өтүүгө мүмкүн болбогон чытырман токойлор көп болгондугунун айынан согушуу үчүн бири-бирине аскердик унаа жөнөтө алган эмес. 1808-жылдан баштап биринчи дүйнөлүк согушка чейин Финляндия орустардын бир облусу болгон. Бирок өздөрүнө таандык мыйзамдарга ээ болушкан. Бул укук аларга Александр I тарабынан берилген. 1894-жылы Николай II тарабынан дагы да бекемделген.

…Петербург жана Вибург шаарларынын арасындагы жол көп дегенде 4 саатка созулат. Петербургда фин улутундагылар эмгектенген жеке менчик бир фин бекети (вокзал) бар. Бул бекетке алгачкы кадамды таштаганда эле өзгөчө бир жылуу сезим пайда болот. Орус бекеттеринде жана кассаларында булардан айырмаланып чаң, кир, иретсиздик дароо байкалып, кыйкырышуулар, ызы-чуулар тынчыңды алат. Фин бекеттери болсо таптаза, иреттүү жана тынч. Вагондорунда да аябай чоң айырма бар. Биздегиге окшогон орус вагондору түкүрүк идиши сыяктуу. Дубалдары сыйрылган, ар түрдүү сөздөр жана аттар жазылган. Жүргүнчүлөр менен контролерлор арасында же жүргүнчүлөрдүн өздөрүнүн арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөр орун алган. Фин вагондорунда болсо, ар ким өз ордун билет. Мындай жагымдуу абалды немис вагондорунан гана кездештирген болчумун. Эч кандай түшүнбөстүк жок, эч ким вагонго түкүрбөйт, катуу үн менен сүйлөбөйт, чылым чекпейт. Өрнөктүү тазалык орун алган. Жол акысы арзан болгон үчүнчү класстагы жатуучу жайы бар вагондор да абдан сонун жасалгаланган, таптаза, шейшептер салынган. Сапарда эч ким эч кимге тоскоолдук жаратпайт. Уктап жатсаң эч ким катуу сүйлөп ойготпойт. Финдер негизи эле сүйлөбөйт, шыбырашат…

Хелсинкфорс шаарында же финдер өздөрү айтышкандай Хелсинкиде, Вибург шаарында же финче айтканда Випуриде жана бардык чоң шаарларында көчөлөрдөн миңдеген адамдарды көрүүгө болот. Бирөөлөр келет, дагы бирөөлөр кетишет. Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 7 Жалгыз жүргөндөр, кошо жүргөндөр, жолугушкандар, токтоп тургандар жана сүйлөшкөндөрдү көрүшүң мүмкүн. Бирок, бакырып-кыйкырып тынчтыкты бузган эч ким жок. Жөөлөшкөн көпчүлүктүн үнү да угулбайт. Финляндияда орус маданияты болбогондугунун биринчи белгиси да ушул. Бул өлкөдө полициялар жана аскер кызматкерлери да кыйкырып сүйлөшпөйт. Фаэтон ээлери (тиешелүү жүргүнчүлөрдү ташуучу ат арабаны башкарган адам) да жүргүнчүлөрдү кагып-силкмек түгүл, аларга кайрылган кезде үнүн да бийик чыгарбайт. Жолугуп калган достор пикир жана сезимдерин бакырып айтышпайт. Финдер жалгыз гана эркин болгондуктары үчүн эле каалаган убакытта каалаган ырын ырдап, каалаган музыкасын чалганга укугубуз бар деп ойлошпойт. Францияда деле жайкы түндөрү көчө ызы-чуусунан уктай албай чыгасың. «Баткактар өлкөсү» делген Финляндияда болсо адамдар башкалардын эгемендигине көбүрөөк маани берип урмат кылышат. Ал жерде эгемендүүлүк жана эркиндик жогору бааланат. Бирок алардын эгемендик түшүнүгү болбогон эле шылтоолор менен башкалардын тынчын алуу маанисин билдирбейт…

Бекетке келгенде унаадан түшөсүң да, тамактануучу жайга бет аласың. Европанын бардык жерлеринде ашканалар кандай экендиги баарына маалым. Тамак-аштын үч-беш эселенген баада сатылаары белгилүү. Фин ашканасы менен ресторандарында эч нерсе сатылбайт. Ашканасына дасторкон жайылат да, тамактар ортодогу атайын үстөл үстүнө тизилет. Текчелердин бир четинде ар түрдүү табак, бычак, вилка жана кашыктар көрүнүп турат. Тамактангысы келген жүргүнчүлөр үстү ачык коюлган каалаган тамагынан каалашынча тандап алып тамактанышат да, кассага 1 же 1,5 марканы өздөрү барып төлөп коюп кетишет.

Вибургдагы мейманканада (финче: равинтола) эки апта бою жашадым. Канча күн жатканым, канча таңкы, канча түш Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 8 кү, канча кечки тамак жегеним тууралуу мейманкана өкүлдөрү кабарсыз болчу. Чыгымдарымдын эсебин өзүм чыгарып, акчасын төлөшүм керек.

Трамвайда билет саткан да, текшерген да эч ким жок. Жол акыны атайын кутучага таштайсың да каалаган жериңе чейин бара аласың. Менин таң калуума жооп кылып, финляндиялык бир мугалим мунун себебин мына мындай түшүндүрдү:

-Жалпы Европада болгондой эле Орусияда дагы калкка ишенимдин болбогондугу үчүн билет сатылса кондукторду, адамдардын алган-албагандыгын текшерүү үчүн контролерду койсоң, анда кантролерду ким текшерет? Биз контролерго эмес, калкыбызга, инсанга ишенебиз…

Бейиштей болгон Азиядан куулган финдер баткактык жана чытырман токойлорго көчүп келишип, өздөрү бейиштей шарт жаратып жашап кете алышты. Чынында баткактыктар өлкөсү болгон Суоми биздин түшүнүгүбүздөгү бейишке айланган. Баткактык жана таштак жайларды эң кооз бакча абалына жеткиришкен. Бул бакчада алар ак лилиялар сыяктуу жандуу, аруу жана таза. Алардын мындай артыкчылыгы жеке жашоолорунда гана эмес, жалпы коомдук жашоолорунда дагы көрүнүп турат. Профессор Чупров жазган акыркы саясий-экономикалык жааттагы макалаларынын биринде Финляндия менен Орусиянын мамлекеттик чыгашалар ортосундагы кызык бир салыштыруу ачыкка чыгат. Бул салыштырууда Финляндия башкаруусунда иреттүүлүк жана тартип, ал эми Орусияда жемкорлук бар экендиги даана чагылдырылган. Сайма көлүн 59 км. узундуктагы Сайма каналы Фин булуңуна байлап турат. Бул 59 км. аралыктагы каналды куруу үчүн чоң таштарды омкоруу жана тоолорду кулатып, тешип өтүү керек болгон. Мунун баарына болгону 13 млн. акча сарпталган. Бул жагдай кызыгууну жана көңүл бурууну жараткандыктан, профессор Чупров темир жолдорду куруудагы чыгашалар тууралуу изилдөө-салыштыруу жүргүзгөн. Жыйынтыгында 1 км. темир жолу Орусияда 115 000 рублга, Финляндияда болсо, Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 9 рублга которгондо 36 000 рублга курулгандыгы айкын болгон.

1882-жылы Петербург-Хелсинкфорс жолунда ар бир километрге түшкөн орточо эсеп менен 5431 рубль кирешеге каршы Фин өкмөтү 2064 рубль чыгаша чыгарган. Або-Тавастгус жолундагы чыгаша ар бир км.ге орто эсеп менен 2878 рубль болсо, киреше бөлүгү кетирген чыгашасын актаган. Бирок ошол эле жылы Орусиядагы Балтика темир жолунда км. башына 8171 рубль киреше келгени менен, өкмөт 1 млн. 200 000 рубль чыгаша короткон. Ал эми километр сайын 11 143 рубль киреше алып келген Курск-Харков-Азов жолу үчүн өкмөт 3521 рубль сарптаган.

Кез-кез Швеция, кез-кез Орусиянын башкаруусунда калган финдер жүздөгөн жылдан бери дипломатия жана аскердик чеберлик жаатында көптөгөн эмгек жумшашкан. Өз улутун, өз маданиятын жана өз цивилизациясын жаратышкан. Эң алдыңкы орунда мектептерине көңүл бурушкан жана бурушууда. Финляндияда билим берүү мажбур түрдө жана акысыз. Ар бир фин жараны окуй жана жаза билет. Ар бир финляндиялыктын үйүндө китеп текчелер орун алган атайын бурчтар бар.

Бул китеп текчелеринде алгач өлкө мыйзамдары, окуу программалары болуп, андан соң маданият, үй башкаруусу, анан финдер үчүн эң чоң жашоо булагы болгон токойчулук жана малчылык сыяктуу өзгөчө багыттагы китептер турат.

Чоң борборлордун баарында ачылган бардык китепканалар элдин кызматына багытталып ачылган. Жакшы уюштурулган китепканаларда күн бою эч кандай накталай кепилдик талап кылынбастан үйгө алып кетип окуп келүү үчүн ижарага берилет.

Китепчилердин ишкерлиги өтө кенен болот. Калкы 15 Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 10 000ден аз болгон Вибург шаарында 12 чоң китепкана бар. Сырткы көргөзмө текчелеринде тизилген бир топ тилдердеги китептер жана искусство чыгармалары ал жерден кандай гана бийик руханий азык жана өзгөчө баалуулук табуу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Финляндияда спирт кошулган ичимдиктер ичилбейт. Ансыз деле 1907-жылы кабыл алынган мыйзамда мас абалга алып келген ар түрдүү ичимдиктин сатылышына тыюу салынган. Орус өкмөтү мамлекеттик буфеттери аркылуу аракты фин элине жаюу аракетин көргөн. Бирок финдер ал буфеттерге бойкот жарыялап, эч ким бут баспай коюшканда, алар аргасыздыктан жабылууга мажбур болушкан. Балким финдердин спирттик ичимдиктерге каршы болгон мамилелеринен улам, фин элинин келечегинин жаркын болуусуна айкын жол ачылгандыр. Европа үчүн «заманбаптыктын шарты» деп эсептелинген бул көчө ахлаксыздыгынан Финляндияда из да жок.

Алардын үй-бүлөлөрүндө да, мектептеринде да, көчөлөрүндө да, бийлигинде да таптаза салттар орун алган.

Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө менин жазган күндөлүгүмдүн жана байкоолорумдун жогорудагы бир кесими Григорий Петровдун китебине баш сөз болууга жарайт деп ойлодум. Мен өз байкоолорумда Финляндияда көргөндөрүмдү жазып, бул өлкөнүн маданий бийиктиктерге кантип жеткенин көрсөткөн элем. Көптөгөн жылдар бою Финляндияда жашаган Григорий Петров болсо өзүнүн санат тили менен бул өлкөнүн өнүгүүгө кандай жол аркылуу жеткенин айтып берген. Фин эли мурда кандай болгонун, анан кандай болуп өзгөргөндүгүн баяндаган. Мектеп, бюро, казарма, чиркөө сындуу социалдык факторлор өлкөнүн руханий маданияты үчүн эмнелерди аткара алды? Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы

Ал жерде бул факторлор кандайча өз ордуна коюлган жана эң маанилүүсү Финляндиянын тарыхында жеке инсанга таандык сапаттар кандай роль ойногон? Чыгаан кишилер фин улутун чыгаан бир баатыр улутка айландырган же болбоду дегенде ошонун аракетин көрүшкөн.

Г. Петровдун китеби биздин саясий-социалдык, экономикалык шарттарыбызды эске алып жазылган. Мунун натыйжасында бул китептин баркы дагы да жогорулайт. Бул китеп жазуучунун кол жазмасынан болгар тилине которулган.

Д. Божков. 

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Петров, 2004, Витухновская М. «Страна белых лилий» на Балканах, с. 32—35