Боз-Булуң
Айыл
Боз-Булуң
|
Боз-Булуң ― Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айыл. Кара-Жал айыл аймагына кирет.
Боз-Булуң айылы Ысык-Көл чөлкөмүнүн чыгышында Жыргалаң дарыясынын оң капталында, обочороок дөңсөөдө жайгашып, көл тараптан караганда даана көрүнүп турат. Булуңда жайгашкандыктан айылдын аты Боз-Булуң делип аталат. Айыл нымдуу жерде жайгашгашып, эртели-кеч алыстан бозоруп көрүнөт. Айыл Ысык-Көлдүн күнгөй, тескей тарабынын так ортосун чектейт. Жыргалаң дариясынын көлгө куйган жерин элибизде Чат деп койот. Чат укмуштуудай кооздугу менен айырмаланып турат. Шиберлүү көк жайык, түркүн гүлдөр жайнап, чыгыш тарабы чакан токой болуп, Бишкек-Каракол трассасына барып такалат. Жазда чаттын бети малга толуп, айылдын байлыгын, элдин турмушунун оңолуп келе жатканына сүйүнөсүң. Айылдын эли жөнөкөй, меймандос келип, илгертеден бери дыйканчылык кылышат. Байыртан келе жаткан салтты колдонуп, бала-бакыраларынан, ата-бабаларынан калган таалим-тарбияларын балдарына, муундан-муунга жеткизип, бакубат турмуш өткөрүшөт. Негизинен айылдын элдери дыйканчылык менен алектенишип, жаштары Каракол шаарында ар кыл иштерде иштешет. Айылдын түндүк жагынан Жаңы-Арык суусу жал арык менен агып, көлгө куйат. Жаңы-Арык суусунун көлгө куйган жеринин эки жак канатына тең элдер отурукташып, жердин аты Байыр (Пристань) деген атка конгон. Байырдын да өзүнчө тарыхы бар. Х1Х кылымдын башында ушул жерге падышалык Орусиянын саякатчысы Пржевальский өзүнүн тыңчылык иштери менен алектенген. Кийинчерээк ал жерге Пржевальскийге эстелик орнотулуп, бүгүнкү күнгө дейре мамлекеттин кароосунда турат. Жаңы-Арык суусу менен Жыргалаң дариясынын ортосундагы куушта жабык ишкана жайгашкан. Байырдын элинин көбү ошол ишканада иштеп, андан сырткары балык уулап, сатуу менен алек болушат. Боз-Булуңдун чыгыш жагындагы коодо төө куйрук жыш өсүп жылаандын уюугу көп болот. Жазда айылдын ошол жагында жоогазын гүлдөп, көздүн жоосун алат. Кырка коо көлдүн кылаасына чейин созулат, ал эми анын этек жагынан ондогон булактар агып, Жыргалаңга куюлуп, көлдүн кылаасын сазга айлантып турат. Айтып кете турган нерсе, айылдын эли Жыргалаң дариясынан балык уулап токойдо эс алышат. Жыргалаң суусунда сазан, форель жана башка балыктары көп, андан сырткары Жыргалаң суусуна балыктар уругун таштап, Ысык-Көлдүн балык байлыгын көбөйтүп турат.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 1186 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.