Ичке-Жергез

Ичке-Жергез, Ак-Суу району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Ичке-Жергез
Район Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Координаттар 42°32′30″ с. ш. 78°42′39″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 913 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ичке-Жергез (Кыргызстан)

Ичке-ЖергезКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айыл. Боз-Учук айыл аймагына кирет.

Ичке-Жергез суусунун боюнда, Тескей Ала-Тоонун Түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 245 км. Калкы 1725 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Дарыкана, ФАП, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов туулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 1913 киши (2009-жылы)[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.