Боз топурак

Википедия дан

Боз топурак — субтропик тилкелериндеги чөл, жарым чөл жана талаа зоналарында кездешүүчү топурак тиби. Көбүнчө Америка, Австралия, Афганстан, Борбордук Азия жана Кавказда кездешет. Кыргызстанда Ош облусунда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ал боз, нукура боз жана коңур боз түстүү болуп үчкө бөлүнөт. Анын курамын чиринди, СО2 карбонат туздары түзөт. Кээде шор жана шортоң (шакардуу) келет. Андан арылтуу үчүн илимий жактан негизделген агротехникалык чараларды колдонуу зарыл. Бул топуракта азык-зат элементтери азыраак, ошондуктан аларга минерал жана органикалык жерсемирткичтерди өлчөмү менен чачуу керек. Боз топурактуу жерде пахта, тамеки, кант кызылчасы, жүгөрү, эгин жана жашылча-жемиштер, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жакшы өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]