Боромбай Бекмурат уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Бооромбай Бекмурат уулу

Боронбай Бекмурат уулу - XIX- кылымдардын көрүнүктүү саясий ишмери, чыгаан кыргыз башчысы.

Борнмбай Бемурат уулу XIX к. 40-50-жж. кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда көрүнүктүү роль ойногон. Калк кадырына ээ болгон Боромбай бий деген атакка жеткен. Ал XIX к. 20-жж. баштап көркөмү көз талдырган кыргыз бермети Ысык-Көлдү жердеген бугу уруу бирикмесин бийлеген.
Теги Тагай бийдин урпагы Боромбай Бекмурат уулу болжолу 1789\90-жж. туулуп, 1858-жылга чейин жашаган. Анын атасы Бекмурат бий уруулаштары менен XVIII к. биринчи жарымында калмак чапкынынын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө сүрүлүп, болжолу байыркы Ата-Журту Ысык-Көлгө 1774-жылдары кайтып келишкен.
Мындай оош-кыйыш заманды өз көзү менен көргөн Боромбай жаш чагынан эле чыйрак чыгып, турмуштун татаал сыноолоруна такшалган. Эл башкаруунун татаал сырларын, эл жердин бейпилдиги, коопсуздугу жана келечеги үчүн тарыхый кырдаалга жараша аракет кылуу, башка элдер менен байланышууда элчилик өнөрдү өздөштүрүүнү аталаш агасы бугулардын чоң бийи Бирназар бийден мурас катары алган. +з доорунун чыгаан инсандары - Ормон хан, Жантай, Жаңгарач, Алымбек датка, Боромбайдын замандаштары болгондуктан кандайдыр бир деңгээлде Боромбайдын коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө өз таасирлерин тийгизген.
Боромбай бий Бугу уруу бирикмесин улуу манабы болуу менен өзүнүн адамдык сапаты бийик, элинин камын көргөн чарбачыл, ыйык Ата Журтун тышкы душмандардан коргоого жарамдуу эпчил, кыраакы саясатчы, дипломат болгонун тарыхый маалыматтар баяндап турат.
1856-жылы Ысык-Көлгө келген окумуштуу Ч.Валиханов Боромбай бийден кыргыз тарыхына байланыштуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды өзү айтып бергенин маалымдайт.
Көрүнүктүү тарыхчы Т.+мүрбеков өз изилдөөсүндө: Боромбай кеп-сөздү баалай билген, нукура элдик каада-салттарды, адат-наркты бекем сактаган, өзү да кыргыздын макал-лакап, нарк, нускасын, нускалуу накыл, насаат сөздөрүн айта жүргөн, санжыра, уламыш, баяндарын кары-жаш экенине карабай жакшылап үйрөнүүгө үндөгөн, орундуу сүйлөгөн, жупуну жашоосу, жүргөн-турганы, кулк-мүнөзү менен элине үлгү болгон инсан катары жазган.
«Абыдан бай алардын манабы Боромбайдын ак өргөөсү, бош тургандай туюлат, керегенин жанында топтолгон кийздер, бухаралык жөнөкөй кездемеден капталган жууркандар жыйылып турат, алардын кырында кытайлык шайыдан жасалган жаздыктар жатат. Жыгач сузгу, чөмүчтөр, кымыз толо куюлган чаначтар, жергиликтүү усталар колго жасаган аяк, табактар, казандар көрүнөө жерден орун алган.Спарталыктардыкындай турмуш жана боз үйдөгү боштук кыргыздар өздөрү айткандай, алардын байыркы адаты» - деп окумуштуу Ч.Валихановдун жазганы ири уруу бирикмесинин бийи болгонуна карабастан Боромбайдын карапайым калк сыяктуу жупуну жашоо өткөргөндүгүн күбөлөйт.

XIX-к заманчы акын Арстанбек Буйлаш уулунун Боромбайга арнаган ыр саптарында:

Бак тигип, эгин айда деп,
Жөнөкөй оокат кайда деп,
Кышы жылуу, малга жай,
Жери сулуу, данга бай,
Чычкан, Даркан жайла деп,
Кашкар жакка барба деп,
Айтып жүргөн сен элең,
деп анын чарбачылыгын элинин камын ойлогон камкордугун көрсөтөт.

Чындыгында эле Боромбай бийдин демилгеси менен Жуук өзөнүнүн боюндагы көк жайык өрөөнгө тал, чырпыктан, теректен каша тосмо тосулуп, бак-дарактар тигилген, бак-чарбак курулган. Ал эми Ысык-Көлдүн тескей бетиндеги ойдуңдарда бугу уруулары буудай, арпа, таруу айдашкан. Улуу бийдин көзөмөлдүгү астында бир нече тегирмендер курулган. Албетте бул иш чаралар элдин жашоо-тиричилиги үчүн кам көргөн Боромбай бийдин камбылдыгынан кабар берет.
XIX к. 20-30-жж. баштап Ысык-Көл аймагына өз таасирин таратууга эгер мүмкүнчүлүк болсо басып алууга шаймашай болгон тышкы күчтөрдүн коркунучу күч алат. Булар Цин империясы, Кокон хандыгы, канатташ жашаган Улуу Жүз казактары эле. Кыргыз урууларынын ичиндеги чыр-чатактар тыйылбай турган мындай каргашалуу кырдаалда, замандын талабына жараша кылдат саясатты, кыраакы дипломатиялык ишмердүүлүктү талап кылган. Боромбай бий өз элин кыргыздардын ички уруулук гана согуштардан сактап калуу эмес аны менен бирге тышкы коркунучтардан коргоо милдети турган.
XIX-к 50-жж. бугу менен сарбагыш уруусунун ортосундагы чыр-чатактын күчөп кетиши, Кокон хандыгынын ачык кысымы Боромбай бийдин чечкиндүү кадамдарга барышын тездетти. Кандай гана кыйын кырдаал болбосун бугу уруу бирикмесинде элдин пикири чоң мааниге ээ болгон, Боромбай бий бул салтты ар дайым эске туткан. XIX-к. 40-жж. башында эле орус мамлекети менен болгон мамилелер туу чокусуна жетип Боромбай бий Россиянын курамына кирүү жана анын камкордугунда элинин коопсуздугун сактоо максатын көздөп, бул тууралуу эл менен кеңешип алардын пикирин угуу максатында жыйын курат.
Кыргыз элинин алгачкы тарыхчысынын бири Белек Солтоноев өз эмгегинде бул жыйын жөнүндө кеңири жазган.
Жыйында Боромбай бий элге кайрылып: «Бугу, сарбагыш бир кылжырдын баласы, жети ата тууган элек… Сарбагыш менен кээде жакшы, кээде жаман жүрдүк. Акыры Ормонду өлтүрүп койдуңар, ал себептен Бугу, сарбагыш кырылышып, көбү мал-башынан ажырап, кан төгүлүп …. Эми кандай кылалы? .. биз Көлгө түшөлү… Илгертен орус менен катышыбыз бар эле, орус түптүү, чоң журт, калың эл, оруска карайлы, журт эс алып, оокат кылсын», - дегенде элдин баары «Мейлиңиз караса карайлы», - дешкен.
Боромбай бий жөнөткөн элчилер 1854-ж 26-сентябрда Омскиге келишкен.
1855-ж. 17-январда Омск сарайынын аземделип жасалган имаратында бугу уруусунун манабы Качыбек Шералы уулу- өз элинин ишенимдүү жана толук ыйгарым укуктуу элчиси колуна Куран кармап бугу уруусунун Россиянын букаралыгына өтө тургандыгы тууралуу кепил катары ант берди, тилмеч ошол замат орусча которуп турду:
«.. Мен, эч бир мамлекетке баш ийбеген байыркы кыргыздардын ордосундагы бугу уруусунун манаптарынын, бийлеринин жана башка урук башчылары менен аксакалдарынын атынан келген киши катары бугу уруусу ишенимдүү, ниеттеш, тил алчаак жана түбөлүк букара болуп, улуу мартабалуу падышанын уруксаты жана жарлыгы болмоюн башка өлкөнүн кызматына кирбей турганына кудуреттүү Кудай алдында касам ичип, ант берем … Антымдын соңунда ыйык Куранга таазим этип өбөм. Оомийин»
Ант берүү аземинде Омскиге генерал-губернатор Х. Г. Гасфорд башында турган Сибирь генералитети, Батыш Сибирдин башкы башкармасынын жогорку чиндери катышат. Катышкандар анты колдорун коюп бекемдешти, султандар менен бийлер мөөрлөрүн басып жана уруу тамгаларын коюшкан.
Боромбай бийдин демилгеси менен ысык-көлдүк кыргыздар Россияга бириктирилиши туралуу кат жүзүндөгү ант расмий жарыяланып жана укуктук жактан бекемделген.
Батыш Сибир генерал-губернатору Боромбай бийдин калк ичинде кадыр-баркын эске алып, аймакта Россиянын таасирин таратуудагы эмгегин жогору баалап аны Бугу уруу бирикмесинин башкы манабы деп тааныган. Ошондой эле ага подполковник аскердик чин-наамы ыйгарылган. Ошентип Бугу уруусунун орустардын букаралыгын кабыл алынышы, анын демилгечиси Боромбай бийдин ошол доордогу татаал тарыхый кырдаал менен шарталып, аргасыз туура чечим экендигинде талаш жок.

Инткернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]