Бурулча

Википедия дан

БурулчаМанас эпосунун кейипкери, кытай каны Эсенкандын кызы, Алмамбеттин аялы. Алмамбет кытайдан кеткенге чейин эле Бурулча анын антташкан колуктусу болот (Радлов жазып алган вариант). Атасы менен жоолашканына карабай Алмамбетти жактырып сүйөт, анын кытайдан кетишине каршы болбойт, кайрылып келгенче канча болсо да күтө турганын билдирет. Бурулчанын убадага бекемдиги, туруктуулугу Алмамбетти зарыгып күткөнүнөн көрүнөт. Анын анча-мынча ишти алдын ала биле турган өзгөчөлүгү да бар. Түш көрүп Алмамбеттин келатканын сезет. Бурулчанын аруулугу, сезиминин бийиктиги Алмамбетти да көп ойго салат. Чет-Бээжинге чалгынга барганда Алмамбет: «Учурашпай кетти деп, Убайым тарткан Бурулча, Анык күдөр үзбөйбү, Сыргак» (Саякбай Каралаев, 2. 138),— деп атайлап барып Б-га жолугат. Акыры ар кандай тоскоолдуктардан өтүп Алмамбет менен Бурулча баш кошот. Алмамбет окко учуп, Манас жарадар болуп Таласка келип өлгөндөн кийин Каныкей Семетейди ала качып Букарга кетет. «Алты арам» Манастын бүлөсүнө гана эмес Бурулчага да далай кордук көрсөтүшүп, уйчуларга саанчы кылып коюшат. Арууке төрөгөндөн үч күндөн кийин өлүп, Күлчорону Бурулча багып калат. Азап тартканча өлүп алайын деп нечен санаасы бузулса да, Алмамбеттин артында калган жалгыз туягы Күлчорону медер тутуп, калган өмүрүн Күлчорону тарбиялап өстүрүүгө арнайт (Саякбай Каралаев, 2. 160—162; «Семетей», 161 — 163, 250—253). Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Семетей төрөлгөндөгү тойдогу чатактан кийин кытай кандары Бурулчаны Алмамбетке берүүгө макул болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4