Бухара Советтик Эл Республикасы
Көрүнүш
Бухара Советтик Эл Республикасы (БСЭР) – 1920-ж. 8-октябрда түзүлгөн. Бухара хандыгынын аймагынан орун алып, аянты 18,2 миң км2, калкы 2,2 млн киши болгон. 1924-ж. 19-сентябрда БСЭР Советтеринин 5-курултайында республиканы социалисттик деп жарыялап, анын СССРдин курамына кошулушу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошол эле жылдын октябрь айында Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик чегараларын белгилөөгө байланыштуу жоюлуп, анын аймактары жаңыдан түзүлгөн Өзбек жана Түркмөн ССРлеринин, ошондой эле Тажик АССРинин курамына кирген.
Бухара Советтик Эл Республикасы (БСЭР) өзб. Buxoro Xalq Shoʻro Jumhuriyati советтик республика | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Борбор калаа | Букар | ||||||||
Тил | Өзбек тили | ||||||||
Дин | ислам | ||||||||
Акча бирдиги | совет рублу | ||||||||
Аянт | 182 193 км² | ||||||||
Калк | 2,5 млн киши | ||||||||
Бүтбукар Ревкомунун Председатели | |||||||||
- 1920 | Абдукадыр Мухитдинов | ||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||
← Букар Эмираты Букар Кеңештик Социалисттик Республикасы → |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4