Бэйшань
Көрүнүш
Бэйшань – Борбордук Азиядагы тайпак тоо, Кытайда. Батышындагы Лобнор көлүнүн ойдуңу менен чыгышындагы Жошуй (Эдзин-Бол) дарыясынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 700 км, жазылыгы 250 кмдей. Эң бийик жери 2583 м (Мацзуншань чокусу). Негизинен жапыз тоолордон, келки массивдерден жана кырка тоолордон турат. Алар тоо аралык ойдуңдар менен бөлүнгөн. Рельефтин эолдук формалары таралган. Климаты кескин континенттик, өтө кургакчыл (жаан-чачындын жылдык өлчөмү 40–80 мм) . Кумдуу шамал тез-тез болуп турат. Агын суулары жокко эсе. Айрым оёң жерлеринде суусу негизинен мала туздуу кудуктар кездешет. Таштуу чөл ландшафты басымдуу; кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлерде шалбаалуу шортоң өсүмдүктөр, айрым жерлеринде тугай токойчолору өсөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4