Бэр мыйзамы

Википедия дан
К. М. Бэр.

Бэр законумеридиан багытында аккан дарыя Түндүк жарым шарда оң жээгин, түштүк жарым шарда сол жээгин жемирип агат деген так жыйынтык. Бул процесс Жердин суткалык айлануусунун дарыя суусунун кыймылына тийгизген таасиринен пайда болот деп далилденет. Аны 1857-ж. орус академиги К. М. Бэр иштеп чыккан. Анткени айлануу кыймылындагы системада ар бир зат Кориолис ылдамдануусуна ээ болот. Ошол себептен суюктук менен аба массалары жердин кыймылына карама-каршы багыт алат да, Түндүк жарым шарда оң, түштүктө сол жакка карай аракеттенет. Бэр законуна Днепр, Дон, Волга, Обь, Иртыш, Лена дарыясынын жээктери далил боло алат. Дунай менен Нил дарыясынын оң жээктери бийик, жарлуу келип, сол жагы жапыз, жайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]