Бөгүп келаткан жолборс, жашыруун жаткан ажыдаар

Википедия дан
Бөгүп келаткан жолборс, жашыруун жаткан ажыдаар
Режиссеру Эң Ли
Продюсер
Сценарийи
Оператору Питер Пау
Негизинде Бөгүп келаткан жолборс, жашыруун жаткан ажыдаар
автору: Ваң Дулу
Тартылгандар
Музыкасы Тан Дун
Редактору Тим Сквирс
Жайылтуучу Sony Pictures Classics
Чыккан жылы
  • 6 июль 2000 (2000-07-06) (Гонконг)
  • 7 июль 2000 (2000-07-07) (Тайван)
  • 8 декабрь 2000 (2000-12-08) (АКШ)
Узактыгы 120 мүн.[1]
Өлкөсү
Тили Мандарин[3]
Бюджети $17 млн
Киреше $213.5 млн[3]

"Бөгүп келаткан жолборс, жашыруун жаткан ажыдаар" (жөнөкөйлөтүлгөн кытайча: 卧虎藏龙, салттуу кытайча: 臥虎藏龍, англ. Crouching Tiger, Hidden Dragon, орус. Крадущийся тигр, затаившийся дракон) - 2000-жылы чыккан эл аралык деңгээлде өндүрүлгөн уруш искусство тасмасы. Өндүрүү Кытай, Тайван, Гонконг жана АКШ фонддору тарабынан каржыланган. Режиссеру Аң Ли, тасмага катышкандар: Чоу Үн-фат, Мишел Йео, Жаң Зыйы жана Чаң Чен. Тасма кытай жазуучусу Ваң Дулунун "Crane Iron Pentalogy" китеп сериясынын тасманын аталышындагыдай 4-романынын негизинде тартылган. Тасманын уруш искусствосу боюнча хореографы Йен Во Пиң 2016-жылы тасманын англис тилде уландысын "Бөгүп келаткан жолборс, жашыруун жаткан ажыдаар: Кылыч тагдыры" деген ат менен тарткан.

Мандарин диалогу менен тартылган тасма $17 млн бюджети менен дүйнөлүк аренадан $213.5 млн киреше тапкан. АКШда $128 млн пайда тапкан тасма Америка тарыхында эң көп киреше тапкан чет тилдеги тасмага айланган. Тасма 40тан ашуун сыйлык алган. Тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты чет тилдеги тасма" (Тайван), "Эң мыкты коюлган тасма", "Эң мыкты музыка" жана "Эң мыкты оператор" сыяктуу Оскардын 10 наамына көргөзүлгөн. Ошондой эле тасма 4 "BAFTA" жана "Эң мыкты чет тилдеги тасма" сыяктуу 2 "Алтын Глобус" сыйлыгын уткан.

Көптөгөн сыйлыктарды алуу менен бирге тасма дагы деле АКШда эң мыкты жана эң таасирдүү тасмалардын бири болуп саналат. Тасманын уруш искусствосу, окуясы, тартылуусу, музыкасы жана оператордук иши абдан жогору бааланган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. CROUCHING TIGER, HIDDEN DRAGON (12). British Board of Film Classification (25 September 2000). Текшерилген күнү 19 -февраль (бирдин айы) 2016.
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 Crouching Tiger, Hidden Dragon. BFI. Текшерилген күнү 20 -июнь (кулжа) 2017. Түп булактан архивделген күнү 12 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  3. 3.0 3.1 Crouching Tiger, Hidden Dragon. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 3 -май (бугу) 2010.