ВКП(б)нин Кыргыз Областтык төртүнчү конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин Кыргыз Областтык төртүнчү конференциясы 1927-ж. 18—21-ноябрда Фрунзе шаарында өткөн.

Ага партиянын 2294 мүчөсүнөн жана 2168 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш менен 118 делегат жанa кеңеш берүүчү добуш менен 28 де­легат катышкан. Конференция ВКП(б) БК менен ВКП(б) БКнын О. Азия Бюрос нун иши жөнүндө отчётту, ВКП(б) обл. комитетинин отчётун, обл. контроль комиссиясынын шнин, парт, курулуш маселелерин талкуулап, партиянын обл. комитетин шайлаган; троцкийчил-зиновьевчил оппозициянын меньшевикче ырк бузарлык аракеттерине карты ВКП(б) БКнын чечкиндүү чараларын толук кубаттаган; ВКП(б) БКнын ж-a анын 6. Азия Бюросунун ишип, БКнын саясий ж-a уюштуруу жолун туура деп тапкан; троцкийчил оппозицияга карты күрөштө республиканын парт, уюму партиянын башкы жолунан тайбай баратканын белги- леген: «Оппозициялык топ Кыргыз- стандын партиялык уюмуна. анын жаштыгына карабастан, кандайдыр бир таасир тийгизе алган жок» (Кыр­гызстан Компартиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967, 204-6.). Конференция отчёттук мезгилдин ичинде шайлоо Советтерин түзүү, «Кошчу» союзун кайра уюштуруу, респ-канын Түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүүнү даярдоо, ири манаптар м-п байларды Кырг-ндан башка жерге айдап жиберүү ж. б. чаралар ишке ашырылганын, бай-манаптардын кедейлерге карата экон. жанa саясий таасири солгундаганын жарыя кылган; маданий курулуш жагынан да республикада зор ийгиликтер болгонун белгилеген. Конференция обл. комитетти, контроль комиссиясын жанa текшерүү комиссиясын шайлаган. Жаңы шай­лаган обкомдун составы обкомдун Аткаруу бюросун, Секретариатын шайлап, бөлүм башчыларын бекиткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.