Вацлав Воровский

Википедия дан

Воровский, Вацлав Вацлавович [15(25). 10. 1871, Москва —10. 5. 1923, Лозанна] — советтик партиялык жанаа мамлекеттик ишмер, публицист, адабий сынчы.

  • 1894- жылдан Компартиянын мүчөсү. Мос­ква жогорку техника окуу жайында окутан (1891—97), студенттер кыймылына катышкан.
  • 1894-жылдан Москва жумушчулар союзуна мүчө. Бир нече жолу камакка алынган. 1902-жылдан «Искра» газетасында иштеген.
  • 1904-ж. РСДРП БКнын Одессадагы Түш. бюросун уюштурууга, РСДРПнин 3-4- съезддеринин ишине катышкан. «Впе­рёд», «Пролетариат», «Правда» газеталарында иштеген.
  • Россияда маркс­тик адабий сынга негиз салгандардын бири. Воровскийдин декадентчил эстетикага жана адабаиятка каршы жазган макалалары («Ашыкча адамдар», «Базаров жана Санин. Эки нигилизм», «Леонид Андреев» ж. б.) адабияттын партиялык принцибин түшүндүрүүдө чоң роль ойногон.
  • Ал Д. И. Писарев, В. Г. Бе­линский, Н. А. Добролюбов, А. В. Кольцов, Н. В. Гоголь, А. И. Герцен жөнүндөгү макалаларында өткөндөн кал­ган прогрессчил мурастардын сабагын жанаа маанисин ачып берген.
  • 1917-ж. Февр. рев-ясынан кийин В. РСДРП (б) БКнын Стокгольмдогу Чет өлкөлүк өкүлдүгүнө башчылык кыл-ан. 1917-жылдын ноябрынан Совет мамлекетпнин Скандинавия өлкөлөрүндөгү элчиси, 1921-жылдан Италиядагы полномочиелүү өкүлү.
  • Ал Генуя (1922) жана Лозанна (1922—23) конфренцияларында советтик делегацияга генералдык сек­ретарь болгон.
  • Воровский Лозаннада ак гвардиячылар колдуу болуп өлгөн. 1961-ж. эл аралык журналистикада эң мыкты чыгармалар үчүн В. В. Боровский атн. сыйлык белгиленди.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.