Вера Алиева
Вера Нурматовна Алиева (15.7.1940 - 19.10.2014) - кыргыздын белгилүү архитектор айымы, педагог, окумуштуу. архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктүн түзүүчүсү.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Вера Нурматовна Алиева (Бүбүйра Аалы кызы) 1940-жылы 15-июлда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы айылында туулган.
Атасы Аалы (тынымсейит уруусунун күмүш уулунан) айылындагы оокаты тың кишилерден болгон.
Вера 1959-жылы Бишкек шаарында №5 Кыргыз орто мектебин аяктаган.
Вера Алиева 1959-65-жылдары Москва шаарындагы Москва архитектура институтунда таалим алып, кыргыздын туңгуч архитектор айымы болуп калган.
1965-жылдан тартып Кыргыз ГИПРОСтрой конструктордук мекемесинде иштей баштаган.
1972-78-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда архитектура боюнча дарстар да окуган.
1978-80-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде көркөм эксперттик коллегияда иштеген.
1980-90-жылдары Кыргыз ССР Министрлер кеӊешинде ага референт болуп иштеп, маданият тармагын жана чыгармачыл уюмдарды жетектеген.
1990-92-жылдары Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Ал кезде Ысык-Көл жана Нарын облустары биригип турган.
1992-95-жылдары – Кыргызстандын Өнөр жай жана соода министрлигинин мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.
1995-жылы ардагердик эс алууга чыкканына карабастан, Көркөм өнөр академиясында кыйла жылдар архитектура боюнча дарстар окуган.
Вера Алиева 2014-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон.
Анын сөөгү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндө 20-октябрда жайына берилген.
Үй-бүлөсү. Бир туугандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Анын артында эки кызы (Асел, Айгүл Эмил кызы Догдуровалар) жана неберелери калды.
Анын улуу агасы Абдырахман Алиев Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик концлагерден качып чыгып, Европадагы антифашисттик кыймылдарга катышкан. [1]
Абдырахмандан кийинки бир тууган агасы Капар Алиев (1927-жылдын 8-майында Кыргызстандын Теңир-Тоо аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган) – кыргыздын ичинен чыккан чыгаан радио жуналист болгон. Ал Кыргызстанда алгачкы болуп “Жогорку категориядагы диктор” деген СССРдин деңгээлиндеги кесипкөйлүк даражаны алган.
Илимий-педагогдук чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жалпысынан, 50дөн ашык илимий макала, 15тей илимий долбоорду даярдаган.
Архитектура боюнча эмгеги басмага даярдалды.
Кыргыз энциклопедиясына архитектура жаатында макалалар жазган.
Кыргызстан Илимдер академиясында Архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктү жарыялаган. Бул сөздүк окуу куралга жардамчы колдонмо материал катары 1980-жылдардан тартып архитектор окутуучулар жана студенттер тарабынан кеңири колдонулуп келди.
Ал тууралуу маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор Үсөн Асанов. – Бишкек, 1998. – (ISBN 5-89750-100-1) – 141-142-бет.
- Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0. - (Мында: 342-345-беттер).
- Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/content/article/1212480.html
- http://www.azattyk.org/Content/Article/1222671.html(жеткиликсиз шилтеме)
- Кыргыздын туңгуч архитектору Вера (Бүбүйра) Алиева дүйнөдөн кайтты Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
- http://www.barakelde.org/news:83511/
- http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%A4%D0%B0%D0%B9%D0%BB:Vera_Alieva_in_Bishkek_20.10.2012.JPG
- АЛИЕВА Вера Нурматовна
- http://www.vb.kg/doc/290842_skonchalas_pervaia_jenshina_arhitektor_kyrgyzstana.html
- http://kg.akipress.org/mobilenews:605089
- https://www.azattyk.org/a/wwii_iids_murdagy-sogush-tutqununun-tagdyry_2021_longread_abdyrahman-alijev_tch_ky/31171708.html
Айылдаштары. Мекендештери. Ар кыл сүрөттөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ички шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|