Верхарн Эмиль

Википедия дан

Верхарн Эмиль (21. 5. 1855— 27. 11. 1916) — бельгиялык акын, дра­матург жана сынчы.

Французча жазган. Лувен шаарында укук факультетин бүтүргөн. «Фламандыктар» (1883) аттуу алгачкы ырлар жыйнагы Верхарндын акындык атагын чыгарган. Верхарн элдик көтөрүлүш менен революциялык кыймылды жаңыны жаратуучу күч катары баалаган. Чыгармаларынын эң көрүнүктүүсү— «Таң» пьесасы (1898). Ал сов. театрларда бир нече жолу коюлуп, Мая­ковский тарабынан жогору бааланган. Верхарн сынчы катары Рембрандт, Ру­бенс, Шекспир, Расин, Гюгонун, франц. жана бельгиялык символисттердин чыгармалары жөнүндө жазган. Россияда Верхарндын чыгармаларын 1906-жылдан А. Блок, В. Брюсов, М. Волошиндер көтөргөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.