Видикон

Википедия дан

Видикон (видео..., гр. eikon — сүрөттөлүш) - бутасы фото каршылыктан жасалган беруучу телекөрсөткүч тутук.

Сүрөттөлүштөн (нерседен) чыккан жарыктын таасири менен Видикондун бутасында (фотокатоддо) электр за­ряды жыйналат да, бутанын айрым жерлеринин каршылыгы өзгөрүлөт жанa сүрөттөлүштүн айрым жерлери­нин жаркырактыгы түрдүүчө болгондуктан электр потенциалы бир ка­лыпта бөлүнбөйт. Бута жасала тур­ган материал катары жарым өткөргүчтүү материалдын (аморфтук селен, сурьма, коргошун кычкылы, германий, кремний) абданжука (5мкм) катмары пайдаланылат. Ушундай түтүктү түзүү идеясын сов. инженер А. А. Чер­нышев 1925-ж. сунуш кылган. Биринчи түтүк 1950-ж. жасалып, колдонула баштады.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.