Витамин препараттары

Википедия дан

Витамин препараттары - ар түрдүү витамин жетишсиздигин дарылоодо жана алдын алууда колдонулуучу каражаттар.

Витамин препараттары сууда эрүүчү (тиамин бромиди, рибофлавин, пиридоксин гидрохлориди, аскорбин, никотин кислоталары жана башка) жана майда эрүүчү (ретинол, эргокальциферол, токоферол жана башка) болуп эки топко бөлүнөт.

Сууда эрүүчү Витамин препараттары витамин жетишсиздигинде гана эмес, көп ооруларды: куяң, невралгия, неврит, полиневрит, жүрөк оорулары, көз оорулары, пеллагра, четки кан тамырлардын спазмы менен мүнөздөлгөн оорулар, карын жана он эки эли ичегинин жара оорусун, атеросклероз, тери ооруларын, аз кандуулук, ошондой эле кан уюу начарлаганда, боор оорулары, уулануу, геморрагиялык диатез, нур оорусу ж. б-ды дарылоодо колдонулат.

Майда эрүүчү Витамин препараттары түрдүү жугуштуу оорулар, күйүк, тамак сиңирүү органдарынын оорулары, итий, тетания, остеопороз, түрдүү тери оорулары ж. б-ды дарылоодо, ошондой эле сынык бүтпөгөндө, миастенияда, бойдон түшөрдө жана эркек менен аялдардын жыныс бездеринин функциясы бузулганда жана башка сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8