Витебск облусу
| Өлкө |
Беларусь |
|---|---|
| Административдик борбор | |
| Б.ири шаары | |
| Башчысы |
Николай Николаевич Шерстнёв |
| Калкы |
1 193 587 |
| Жыштыгы |
29,8 адам/км² |
| Улуттук курамы |
85.1% – белорустар, 10,2% – орустар, 1,2% - украиналыктар, 0.9% - поляктар |
| Тууралыгы | |
| Узундук | |
| Коду ISO 3166-2 |
BY-VI |
| Расмий сайты | |
Витебск облусу - Беларусияда 1938-ж. 15-январда түзүлгөн. Батыш Двина менен Днепрдин жог. агымында, республиканын түн.-чыгышында.
Борбору Витебск ш. Жери түзөң. Деңиз деңг. 150—295 м бийик. Эң чоң түздүгү — Полоцк. Мында доломит жана доломиттүү аки таш кендери чыгат.
Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы — 7,5°С, июлдуку 17,5°С. Жылдык жаан-чачыны 550—650 мм. Дарыялары Балтика жана Кара деңиздеринин алабына кирет. Ирилери: Днепр ж-а Батьпп Двина. Көлдөрү: Освейский, Снуды, Дривяты ж. б. Жер кыртышы чымдуу күл топурактуу. Областтын аймагынын 33,4% токой. Түндүгүндө карагай жанa кызыл карагай, түштүгүндө кайың, ольха, бай терек өсөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.