Витим бөксө тоосу
Көрүнүш
Витим бөксө тоосу - Витим дарыясынын жогорку агымынын алабында жайгашкан бөксө тоо.
Бурятиянын жана Чита областынын аймагында. Орт. бийикт. 1200—1600 м, эң бийик жери 1900 м. Кристаллдык сланец, гранит, базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Байыркы жанар тоолордун 15тен ашык конусу бар. В. б. т-н ийне жалбырактуу тайга, бадал, шалбаа жана саз каптап жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.