Георгий Вицин
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Георгий Михайлович | |
---|---|---|
Туулган датасы: | ||
Туулган жери: |
Петроград | |
Өлгөн датасы: |
22 -октябрь 2001 (83 жаш) | |
Өлгөн жери: | ||
Жарандыгы: | ||
Кесиби: | ||
Карьерасы: | ||
Багыты: | ||
Сыйлыктары: |
| |
IMDb: |
Вицин Георгий Михайлович (23. 4. 1918, Петроград — 22. 10. 2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жайында, МХАТтын алдындагы студияда окуган. 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жылдан киноактёрлор театр-студиясында иштеген. Вицин курч мүнөздөгү комедиялык актёр болуп саналат. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жазындагы жомок» (экөө тең 1972-ж.) телефильмдеринде чебер ойногон. Реж. Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) кинокомедиясында Коркоктун (Трус) образын өтө чыгармачылык менен түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Гоголь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Каррасио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адамдар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, советтик-амер.), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, советтик-финндик), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) ж. б. 80ден ашуун анимациялык фильмдерге үн кошкон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
- ↑ Георгий Вицин, документальный фильм «Отшельник» — на Яндекс.Видео. Текшерилген күнү 11 Апрель 2013. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2013.
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 23 Апрель
- Туулгандар 1918-жылы
- Өлгөндөр 22 -октябрь (тогуздун айы)
- Өлгөндөр 2001-жылы
- Арип боюнча актёрлор
- СССРдин актёрлору
- Орусиянын актёрлору
- СССРдин үн коштоочу актёрлору
- Орусиянын үн коштоочу актёрлору
- XX-кылымдын актёрлору
- СССРдин эл артисти
- Уикипедия:Портрети жок кинематографдар макалалары
- Инсандар
- СССР эл артисти