Георгий Вицин

Википедия дан
Георгий Вицин
орус. Вицин Георгий Михайлович
Төрөлгөндөгү ысымы:

Георгий Михайлович
Вицын[1]

Туулган датасы:

23 -апрель 1918(1918-04-23)

Туулган жери:

Петроград
Орусия империясы

Өлгөн датасы:

22 -октябрь 2001(2001-10-22) (83 жаш)

Өлгөн жери:

Москва, Орусия

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Орусия

Кесиби:

театр жана кино актёр

Карьерасы:

19361995

Багыты:

Комедия

Сыйлыктары:
СССРдин эл артисти — 1990
IMDb:

ID 0900120

Вициндин Автографы 1985-ж.
Вицин Георгий Михайлович (23. 4. 1918, Петроград — 22. 10. 2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жайында, МХАТтын алдындагы студияда окуган. 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жылдан киноактёрлор театр-студиясында иштеген. Вицин курч мүнөздөгү комедиялык актёр болуп саналат. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жазындагы жомок» (экөө тең 1972-ж.) телефильмдеринде чебер ойногон. Реж. Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) кинокомедиясында Коркоктун (Трус) образын өтө чыгармачылык менен түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Гоголь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Каррасио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адамдар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, советтик-амер.), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, советтик-финндик), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) ж. б. 80ден ашуун анимациялык фильмдерге үн кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Георгий Вицин, документальный фильм «Отшельник» — на Яндекс.Видео. Текшерилген күнү 11 Апрель 2013. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2013.