Войнич Этель Лилиан

Википедия дан
Этель Лилиан Войнич.

Войнич, Этель Лилиан (11. 5. 1864, Ирландия, Корк шаары – 28. 7. 1960, Нью-Йорк) – англис жазуучусу, котормочу, композитор; англис математиги Ж. Булдун кызы; поляк революционери М. Войничтин аялы. 1887-89-жылдары Россияда, 1920-жылдан Нью-Йоркто жашаган. Анын мыкты чыгармасы «Сайгак» (1897) романында 19-кылымдын 30-40-жылдарындагы италиялык революционерлердин баатырдык образын түзгөн. Роман жаштардын бирден бир сүйүктүү китептеринен болуп, спектакль, фильм, опералардын адабий негизи катары пайдаланылган. «Жек Реймонд» (1901), «Оливия Летам»(1904) Үзүлгөн достук» (1910), «Бут кийимиңди чеч» (1945) ж. б. романдардын автору. Булардан тышкары Этель Лилиан бир нече музыкалык чыгармаларды, анын ичинде «Вавилон» ораториясын (1948) жазып, М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь, Т. Г. Шевченко, Ф. М. Достоевскийдин чыгармаларын англис тилине которгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этель Лилиан Войнич 1864-жылы 11-майда Ирландиянын Корке шаарындагы белгилүү математик, Лондон университетинин профессору Жорж Бульдун үй-бүлөсүндө туулган.Этель Лилиан жаш кезинен тартып эле адабиятка кызыга баштаган; англиялык жана дүйнөлүк классиктердин китептерин окуп, тилдерин үйрөнгөн. Музыканы сүйгөн, философияга кызыккан.Он сегиз жашка чыкканда Берлиндеги музыкалык консерваторияга кирип, анын фортепиано классын 1885-жылы бүтүп чыккан. Бирок, ден-соолугуна байланыштуу пианист болом деген үмүтүнө жеткен эмесОшол аралыкта ал коомдук маселелерге, социалдык проблемаларга, айрыкча аны эки өлкөнүн Италия менен Россия мамлекеттеринин тагдыры тынчсыздандырган. Эки элдин боштондук кыймылы, эркиндикти эңсеген күрөштөрү тууралуу көп окуп, алардын жашоо турмушу, мүнөзү алдыларына койгон максаттары менен кеңири таанышуу үчүн Англияда эммиграцияда жүргөн орус революционери С. М. Степняк (Кварчинский) менен таанышып, орус тилин үйрөнөт.Польшалык эмигрант В. М. Войничке турмушка чыккан.Э. Л. Войнич 1920-жылы күйөөсү менен Американын Нью-Йорк шаарына көчүп кетет.Ал 1960-жылы 28-июнда Нью-Йоркто каза болгон.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1887-жылы Петербургга келет да англис тилинен сабак берет. Орус жана поляк революционерлери менен байланышта болуп, аларга көмөктөшкөн.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1890-жылы кайра Лондонго келип «Свободная Россия» журналын чыгара баштаган.1889-жылы жазыла баштаган чыгармасы «Сайгак» деген ат менен 1897-жылы Англияда жана АКШда жарыкка чыккан. Романдагы Сайгактын образы аркылуу өзүнүн бүт өмүрүн революцияга арнаган революционердин баатырдык иштери жөнүндө баяндалган.Бул романы боюнча кинофильм тартылып,бир нече спектаклдер жана опералар коюлган.1898-жылы орус тилине которулган. Жазуучу мындан башка да «Джек Реймонд», «Оливия Лэтам», «Үзүлгөн достук», «Бут кийимиңди чечип кой» деген романдарды жазган.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус элинин айрым жазуучуларынын Н. В. Гоголь, Ю. М. Лермонтов, Т. Г. Шевченко жана Ф М. Достоевскийдин чыгармаларын англис тилине которгон.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э. Л. Войнич 1920-жылы күйөөсү менен Американын Нью-Йорк шаарына көчүп кетет.Ал жактан көрүнүктүү жазуучуну эч ким барктай алган эмес.Бир дагы энциклопедиядан, китептен анын атын табуу кыйын эле.Көп жылдар бою жазуучу өзүнүн чыгармасынын тагдыры тууралуу эл көп укпай жакырчылыкта жашаган.Анткени, анын романдары басылбай, музыкалык чыгармалары аткарылган эмес. 1948-жылы «Вавилон» деген музыкалык ораториясын жазган.1955-жылы советтик элдер, жакын достору ага тиешелүү документтерди жыйнап туруп,өмүр баяны жазылган китепти, союздук республикалардан жана социалисттик өлкөлөрдөн басылып чыккан китептерин жазуучуга жеткирип беришкен.Этель Лилиан бул өтө кымбат баалуу белекке өтө ыраазы болгон.Жазуучунун «Сайгак» романын билбеген кыргыз окурмандары сейрек кездешет, анын бул чыгармасын кыргыз тилине Д. Черикчиев көркөм которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Войнич Э. Сайгак: /Роман/ /Котор.: Черикчиев Д. - Ф., 1957. - 306 б.; ЭТЕЛЬ Лилиан Войнич // Жаш ленинчи. - 1989. -№ 5. - Б. 24; ВОЙНИЧ Этель Лилиан: Туулган кунүнө 100 жыл // Жаш ленинчи. - 1964. - № 5. - Б. 3; ВОЙНИЧ Этель // Кыргызстан аялдары. - 1964, - № 5. - Б. 22, РОДИНАСЫ Россия болгон. // Ленинчил жаш. - 1964. -10-май.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4