Вышнеградский, Иван Алексеевич

Википедия дан

Вышнеградский, Иван Алексеевич [20. 12. 1831 (1. 1. 1832), Вышний Во­лочёк — 25. 3 (6. 4). 1895, Петер­бург] — орус илимпозу жанa мамлекеттик ишмер, автоматтык жөндөө теориясын негиздөөчү, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1888).

Петербургдагы Башкы пед. ин-ттун физика-математика факультетин бүтүргөн (1851). Петербургдагы 2-кадет корпусунда сабак берген. 1862-жылдан Петербург технол. институнун проф. 1865-жылдан Михайлов артилл. академпясынын проф. 1867— 78-ж. Башкы артилл. багакармала инженер-механик, 1875-жылдан Петер­бург технол. инстититуна директор. Машиналарды конструкциялоонун ил. негизин түзүүдө зор эмгек сиңирген.

Машпна куруунун теориялык негизин өзүпчө сабак кылып киргизген. Өзү колдонмо механика, термодинамика, серпилгичтик теориясы, жүк көтөрүүчү машиналардын, токардык станоктордун, буу машиналарынын теориясы боюнча лекция окуган. 1860-ж. «Элементардык механика» деген колдонмосун жарыялаган. «Түз аракеттүү жөндөгүчтөр жөнүндө» деген эмгегинде (1877) жөндөө системасынын туруктуулук шарттарын аныктаган. 1870-жылдын 2-жарымынан ил. иштен четтейт. 188892-ж. финансы министри болуп, алтын запасын көбөйтүүгө жанa кагаз акчанын курсун жогорулатууга жетишсе да, жалпысынан реакциячыл саясат жүргүзгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.